Menu

Чыныбай Турсунбеков: “Төрагалыкты өткөрүп бергенден бери бир топ ыр жазып койдум”

Бөлүшүү:

-Чыныбай мырза, «коомдо эмне болсо, ошонун баары акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, сиз дагы: ТЭЦтен чыгат көк түтүн, Мештен чыгат көк түтүн. Машиналар чубаса Чубайт арттан көк түтүн. Түтүн менен түртүшүп, Күндө баарын сүртүшүп. Бүтө электе көктөгү, Көк түтүндөн күл түшүп. Кожойкелер чарчашат, Чарчап башын чайкашат. Түтүн деген түгөттүн, Түгөнбөсүн байкашат, – деп экологиялык чоң проблеманы ыр аркылуу билдирген экенсиз.

– Өзүңөр деле көрбөдүңөрбү, атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатпайбызбы. Ал эми башкалаада миллиондогон адам (келип кеткендерди кошкондо андан да көп болушу мүмкүн) шаардын абасы менен дем алып жатышат. Панорамадан туруп карасаңыз, машинелер шаарды кандай булгап жатканын көрөсүз. Алар кандай түтүн чыгарып жатканын, нормадан ашкан-ашпаганын, өлкөгө нормага туура кирген гана машинелердин кирүүсүн текшерип, көзөмөлдөгөн киши жок. ТЭЦти карасаңыз, капкара түтүн уюлгуп чыгып, шардын үстүнө күл болуп түшүп жатат. Мунун баары биздин жарандардын, өзгөчө жаш балдардын ден соолугуна терс таасир этүүдө. Ошого байланыштуу туура айтасыз, мен да жүрөк аркылуу өткөрүп, ойлонуп-түйшөлүп, бул маселеге реакция жасап жаткандагым.

– «Депутат болгону чыгармачылыкгы таштап койду го» десек, таштаган эмес экенсиз да?

– Кез-кезде жазып коюп жүрөм. Өзгөчө акыркы кезде, төрагалыкты өткөрүп бергенден бери бир топ ыр жазып койдум. Бир учуру келгенде окуп берем.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: