Айсулуу Тыныбекова быйылкы 2017-жылы мен-мен деген ири мелдештердин жетөөсүнө катышып, анын үчөөнөн алтын, үчөөнөн күмүш, бир коло медалды багынтып, балбандардын атын чыгарып турган кези. Бул кызыбыздын азыркы кездеги мелжегени бирөө – ал Жапония өлкөсүндө 2020-жылы өтө турган жайкы олимпиадада чемпион болуу. Тилеги ишке ашсын, ойлогон оюна, көздөгөн максатына жетсин деп эле атабыз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ