Алмазбек Атамбаев Бишкектин көчөлөрүнө илинген чырлуу жарнактарды колдойт. Мындай пикирин бүгүн, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Атамбаевдин айтымында мындай жарнактар өлкөнүн бардык аймактарында илиниши керек. “Мен президенттик аппарат башчысына ошол банерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим. Башка элдин маданиятын бизге таңуулоого эч кимдин акысы жок”, – деди ал өз сөзүндө.
Эске салсак, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жарнактар тууралуу билдирирүү таратып, аны “элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш” деп атаган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ