Жогорку Кеңештеги президенттик аппараттын өкүлү Молдакун Абдылдаев, «Өмүрбек Чиркешович Баш мыйзамдын түп нускасын кайтарып берсеңиз жакшы болот эле» – деп билдирди. “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колу коюлган Баш мыйзамдын нускасын Өмүрбек Текебаев мамлекетке кайтарып бериши керек, ал мамлекеттик иш кагаздардын бири болуп саналат, «Ата-Мекендин» лидери аталган нусканы көтөрүп чыкканын баарыбыз билебиз, эми ошол нусканы бериши керек» – деген Абдылдаевдин билдирүүсү коомчулукту ойго салды. Азыр элдин баарысы «Текебаев Баш мыйзамдын түп нускасын катып алыптыр» – деп уу-дуу болуп жатышат. Бизде да шек жаралып жатат, Конституциянын атасы түп нусканы ушул кезге чейин бербей кайда сактап жүрөт? Эгер чын эле катып жүргөн болсо өз кызыкчылыгынан да мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп тезинен кайтарып берүүсү керек го ыя?
Булак: «Ачык саясат»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ