Menu

АРХИВДЕР

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Азык-түлүктүн баасы

Жуманын дем алыш күндөрү, 13-14-мартта Бишкек шаарында кезектеги жарманке өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтчү даректери:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев – Н.Жетикашкаева көчөсү;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

13-14-мартта өтүүчү жарманкедеги продукциялардын баалары:

Уй эти – 390-405 сом,

Жылкы эти – 380-390 сом,

Кой эти – 400-405 сом,

Тоок эти – 200-210 сом,

“Царь” суу майы – 130-132 сом,

“Лучазерное” суу майы – 130-132 сом,

“Ласка” суу майы – 130 сом,

Фирма жумурткасы – 75-85 сом,

Үй жумурткасы – 90-95 сом,

Кайыңды шекери – 56 сом, 5 кг 280 сом,

Алма – 30-60 сом,

Сабиз – 10-15 сом,

Картөшкө – 22-27 сом,

Пияз – 14-16 сом,

Ун – 27-38 сом.

Жарманкеге активдүү катышкан компаниялардын тизмеси:

“Альфа Трейд” ЖЧК, “Бай Элим” ЖЧК, “Витал Виста” ЖЧК, “Эко Тоок” ЖЧК, “Алайку Органик” ЖЧК, “Ай Зи” ЖЧК, “КазГрейн” ЖЧК, “Эко Милк” ЖЧК, “Кант-Сүт” ЖЧК, “ПродИмпекс” ЖЧК, “Татымал групп” ЖЧК ж.б.

Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Ар кыл экономикалык долбоорлор үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 9-мартта Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында депутаттар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт, фонддун кеңеши куралат, ага Кыргызстандын жарандары кирет. Директорлор кеңеши үч өзбекстандык, эки кыргызстандык өкүлдөн турат.

Биргелешкен фонд түзүү 2017-жылы ал кездеги президент Сооранбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапарында эле демилгеленген. Бирок план эми гана иш жүзүнө ашууда.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Ташкентке барат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Башкы прокуратура блогер Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты

Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты. Мындай чечим 10-мартта сот процессинин жүрүшүндө жарыяланганын “Эркин Европа” радиосуна мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Куватова кабарлады.

Куватованын айтымында, блогердин адвокаты комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирип, аны мамлекеттик айыптоо колдоду:

“Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес”.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, элден кечирим сураган. Апасы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн.

Блогер Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 10 күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жолборс Жоробеков, профессор: Сарсанаа кылган саясат

(Остин тезистери)

Кыргызстанда болуп жаткан саясый процесстерге азыр океандын ар жагында болсом да тыкыр көз салып турам. Анткени бул мен 30 жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстандагы чоң саясаттын ичинде да сыртында да болуп, аны изилдеп, шугулданып келе жаткан менин кесиптик да, күнүмдүк да ишим. “Башканы коюп Манасты айт” ‒ дегендей азыр кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан маселелердин бири Конституция жана шайлоолор.

Эсимде, 1993-жылы Кыргызстанда алгачкы Конституцияны кабыл алгандан кийин “Күн карамалар кабыл алган Конституция” деген этектей
макала жазып сындаган элем. Себеби ошол мезгилде туубузду “Күн карама” деп коомчулукта олуттуу сөз болгон эле. Демек 350 депутаттарды күн карамалар, ошолор ушул Конституцияны кабыл алып коюшту, эми жай турмуш болсо, Конституцияны да, тууну да оңдоп алаарбыз дегендей сөздөр менен тамамдалат эле. Мына андан бери ошол Конституциябыз ондогон жолу оңдолуп-түзөлүп кетти.

Кийин ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи чакырылышынын депутаты кезимде “Биздин Конституцияны плагиаттар жазыптыр” деп дагы бир материалым кайсы бир газетага чыгып калды. Раматылык Мукар (Чолпонбаев) досум: “Ой Жоке! Конституция, мыйзамдар асмандан алынат беле, жалпы жоболор окшош болот да.” – деп түшүндүргөн эле. Себеби мен бир жыйырмадай мамлекеттердин Конституцияларын салыштырып олтуруп жазган элем. Демек Конституцияларда спецификалык беренелерден башка жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыган беренелер окшош болоорун байкап уялып калган элем.

Ошондо 35 адамдан турган депутаттардан жарымынан көбү (илимдин кандидат, докторлору да) Улуттук университеттен укук боюнча
магистратурадан окудук. Муну айтып жатканымдын себеби Конституцияны атайын юридиканын ушул тармагы боюнча изилдеген адистер жана ушул жагынан тажрыйбасы бар инсандар жазса. Юристин баары эле Конституция жаза албайт, алардын ичинде айрымдары кылмыш – жаза, граждандык коом, улуттук каада ‒ салт боюнча деле доктор болушат. Президент С. Жапаров айткандай, Конституциянын “К” сын билбей эле Конституциянын тегерегинде жондотуп эле сүйлөй берген туура эмес. Кыргызда айтат эмеспи “Чымчыкты сойсо да касап сойсун” ‒ деп. Эми сөздүн ток этээрине өтсөк.

Аракеттеги Конституция сөзсүз оңдолушу керек болчу. Бул Конституция кабыл алынганда эле 2020-жылы өзгөртүүлөр киргизилет
дегендей ой болгон (10 жылга мораторий). Ошондуктан биз муну Жээнбеков бийликке келгенде эле улуттук деңгээлде Конституциялык кеңешме түзүшүн, ал бир жылдай иштеп, анан дагы бир жылдай талкуулап, бардык жактардын көксөөсүн суута турган болушун суранган элек. Бирок биздин сураныч “арык аттап, суу кечпей” калды. Аягы эмне менен бүттү… Эми ушул жерде сөздүн удулу келип турганда Президентке кайрылат элем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сунуш кылынган Конституциянын долбоорун 80 депутат жазган, ошолор сунуштаган деген менен алардын көпчүлүгү баш тартып, айрымдары официалдуу түрдө мен билбейм десе, айрымдары фамилиямды телевизордон, радиодон уктум деп шек жаратууда. Ошентип “долбоор” ээрге олтурганда эле кыйшык олтуруп, анан ар кошкондон түзүлгөн Конституциялык комиссия, аны оңдоп түзөп талкууга алып чыккан варианты коомчулукта кескин түрдө карама-каршылыктарды терс пикирлерди жаратууда. Ошондуктан азыр эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө, төрагасына чооң рахматыңызды айтып, аларга аракеттерине жараша илимпоздорго профессор, академияга Мүчө корреспондент, Академик деген наамдарды ал эми аксакалдардан баштап “Манас” Семетей, Сейтек ж.б. орден медалдардан сыйлыктардан, наамдардан берсеңиз, кызмат сурагандарына кызмат берип, “эми айланайындар мени да Конституцияны да сөз кылбай ар бириң өз
адистигиңер боюнча жакшы иштегиле, мага кылган жакшылыгыңар ушу болот”- десеңиз.

Экинчи кадам- жаңы Улуттук деңгээлдеги Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн бардыгынын кызыкчылыктарын эске алып аракеттеги
Конституцияны оңдоп-түзөө боюнча Улуттук комиссия түзсөңүз. Аракеттеги Конституция негиз кылып алынат, анткени ушул Конституциянын дурус жана буруш жактарын практикада көрдүк да. Анын үстүнө айрым бөлүктөр жана беренелер жакшы жазылган, илимдин тили менен айтканда, апробациядан өткөн. Бул жөнүндө Конституция боюнча өзүбүздүн мыкчегерлер да, эл аралык эксперттер да белгилешүүдө. Ал эми азыркы сунуш кылынган долбоордо, коомчулукта адистердин, эксперттердин айтымында, карама-каршы жоболор, өтө чийки жерлери көп. Демек биз аракеттеги Конституцияны негиз кылып, ошону көпчүлүктүн көөнүнө төп келе турган кылып оңдошубуз зарыл. Улуттук комиссияга ушундай максат коюш керек. Ошол Улуттук комиссия географиясына эмес, биографиясына карата төмөнкүдөй түзүлсө деген коомдо пикир бар:

1. Биринчи чакырылыштан алтынчы чакырылышка чейинки бардык спикерлер. Анткени алар күн сайын Конституция менен иштешкен.

2. Конституциялык курулуш боюнча илимдин кандидаты, доктору болуп, китеп жазып оокат кылып жүргөндөрдөн.

3. Конституция боюнча омоктуу ойлорун ортого салып келе жаткан бардык чакырылыштын депутаттарынан.

4. Жаш креативдүү, Конституцияга кызыгып жүргөн өзүнчө, өзгөчө ойлору бар жаштардан.

5. Азыркы Конституциялык кеңештен төрагасын баш кылып, секциялардын жетекчилерин, анан профессионалдык деңгээлде өзүн көрсөткөн адистерден.

6. Коомдук (Мамлекеттик эмес) уюмдардан, жулкунуп ‒ “даканса” күрөшөм ‒ дегендерден.

7. Тилчи адис филологдордон.

Иши кылып коомдук бардык катмары камтылса.

Алар эки жумада бирби же бир айда эки жолу чогулушуп, керек болсо бир жыл иштешсин. Бул жумушчу топ болгондон кийин телевизордон ар бир олтурумун көрсөтүп олтуруунун кереги жок. Анткени телевизордун камерасын көргөндө эле кыргыздар булкунуп “өтө умный” сүйлөп кеңеш айтканды адат кылып алышты.

Улуттук комиссиянын иштөөсүнө эч кандай ноутбук, кофе-брейк ж.б. шарттар мамлекет тарабынан түзүлбөшү керек. Эки-үч техникалык гана
кызматкер болсо, алар сунуштарды иреттеп компьютерлер менен гана шугулданышат. Ал жерде аракеттеги президент үчүн эле эмес мамлекеттин келечеги үчүн ак эмгегим менен кызмат кылам дегендер гана маңдай терин төгүп иштейт деп ойлоймун. Ал эми жеңил-желпи, күнүмдүк оокаты үчүн мактап-жактаган популисттер өзүнөн-өзү эле ал жерде иштей албайт. Ошентип, бул Улуттук комиссия айлап-жылдап бир консенсуска келген варианттын долбоорун арзан газеттик кагазга эле 2 млндой даана чыгарып бүт айыл өкмөттөргө элинин санына жараша таратуу керек. Ошондон кийин Конституция деп желпингендердин жели чыгып, көбүнүн көксөөсү сууп анан мамыр-жумур болуп калаар беле!?

Конституциялык кеңешме талашып-тартышып иштей берсин. Бул убакта Урматтуу Президент, Сиз конкреттүү иштер менен алек болуп,
мамлекетти жаңы жолго, жаңы багытка салууга иштиктүү аракет кыласыз. Буга январда болуп өткөн референдумдун жыйынтыгы Сизге толук укук берет. Айталы Өзүңүздүн указыңыз менен шайлоо кодексиндеги айрым беренелерди жана жоболорду токтотуп же жаңы берене же жобо киргизип, Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү. Аракеттеги ЖКнын ишмердигин токтотуу. (Депутаттардын санын 120 дан 90 го түшүрүү көптөгөн эксперттердин айтымында туура эмес).

Эгерде 90 депутат болсо Кыргызстанды туптуура 45 округга бөлүү керек (120 болсо 60), 45 бир мандаттуу ал эми 45 партиялык тизме менен. Мисалы 45 округ болсо Талас 2 округ болот (60 болсо үч округ). Ар бир округ өзүнүн Курултайында 5 адамды тандап депутаттык шайлоого макулдук берет Партиялык тизме да ошол Курултайда 5 адамга макулдук берилет. Ошондо партиялар да ошол 5 адамдын артынан чуркашат. Мага мүчө болсо экен деп. Айталы бир мандаттуга киргизилген 5 адамдын кимиси көп добуш алса ошол депутат болот. Ал эми партиялык тизмедеги 5 кандидаттын кимиси кайсы партиянын желеги астында барат өз иши. Мүмкүн бешөө беш партиядан болушу мүмкүн. Кимиси көп добуш алса депутат болот. Бул жерде кандидатты тандоону жана шайлоону элдин өзүнө берип жатабыз. Ошону менен алдыңкы 10 орун кийинки 20 орун деген партлидердик диктатынан анан алдыңкы орун үчүн керилген парадан кутулабыз. Укуктун баарын элге берип жатабыз. Курултайдын да статусун көтөрөбүз.

Демек, ар бир округ өз Курултайында 10 адамды тандап (5 бир мандатууга 5 партиялык тизме менен) шайлоого жолдомо берип жатпайбыз.
Бул жерде бардыгы ачык-айкын. Биринчи Курултайдан жолдомо алып, анан жалпы элдин тандоосуна барып жатпайбы. Муну менен Сиз:

а) Шайлоодогу партлидерлердин диктатынан, коррупциясынан куткарасыз;

б) Азыр Сиздин да эшигиңизди сагалап, “бир жолу эле депутат болсом болду эле” ‒ деп догурунуп жүргөн (албетте Сизге кандайдыр бир өлчөмдө эмгеги өткөн “бейжүгөн” инсандардан) адамдардан кутуласыз. Аброю болсо, элине барсын, алар колдосо шайланып келсин.

в) Азыркыдай акчалуу билимсиздерди колдосо, ошол округдун элинин өзүнүн шору. Сиздин бул жерде эч күнөөңүз жок.

БШКнын да “монстр” укугу аздайт. Маселе жеринде чечилет.

Ушул жерге кыстара кетейин, Мен убагында партиялык тизмени жактап: “…Эми кокту-колоттук психологиядан кутулабыз, республикага башы
көрүнгөн инсандарды парттизме менен шайлайбыз” ‒ деп жазган элем. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей, парттизме менен акчасы бар башы жок, зордук-зомбулук менен түрмөгө түшкөн, ууру-кески, шектүү элементтер келип калаарын, партлидерлердин жем жей турган күркөсүнө айланып кетээрин билген эмес экенмин да.

Эми мунун да тактай турган, кеңеше турган жагдайлары бар, Бишкекке барганда кененирээк токтолом.

Эми кимдир бирөөлөр айтышы ыктымал, мындай жоболор мыйзамда жок ж.б.у.с. деп. Бирок дагы бир жолу кайталаймын, январдагы
референдумдун жыйынтыгы Сизге тезирээк неординарный, нестандартный чечимдерди кабыл алып иштөөгө толук моралдык укук берет. Коомдук пикир жөнүндө Президенттик шайлоо астында Сиз менен болгон жолугушууда айттым эле. Демек элдин мүдөөсүндөгү иштерди тез-тез жасаңыз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Азыр коомчулук, Сизге добуш берген адамдар Сизден радикалдык чечимдерди күтүп жатат. Мурдакы президенттерде де-факто бардык бийлик ошолордо эле. Ал эле эмес президенттин шоферу-аппарат жетекчисинин орун басары келсе, Спикер, Өкмөт жетекчиси кол куушуруп салам берип ордуларынан тура калат эле. Анткени алар ошол олтурган креслосуна ошонун амири менен келген да. Көрдүңүзбү президенттин өзү эмес ат кошчусунун “аброюну”. Ал эми Сизде январдагы референдумдан кийин де- юре толук укук бар. Элдин ишеними, коомдук пикир Сизге чоң легитимдүүлүктү жана ишенимди берет. Бул ишеним кредити селдей же колдон куйулган кумдай, эртең башкача болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан “Темирди кызуусунда сок!” ‒ дейт эмеспи элибизде.

Дагы бир белгилей турган маселе, таанышуу иретиндеги визиттерде ири долбоорлор, инвестициялык пландар жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Муну бир абройлуураак бирөө элге түшүндүрүп коюш керек. Албетте Москвага болгон иш сапарда Путинге жакын, ал эми Атамбаевдин бөтөлкөлөш жана кайын журту менен оор сүйлөшүүлөр болгонун сезип турдум. Эгер Атамбаев бошоп кетсе, бул С. Жапаровго урулган сокку болот. Коомдук пикирде рейтинги төмөндөйт. Бул жагынан С. Жапаровдун абалын да жон-терим менен сезип жатамын. Бирок кантсе да, жакынкы жылдарда ири инвестициялык долбоорлор болбосо да өзүбүздүн ички дараметибиз менен (бул боюнча да адистердин бир канча ой пикирлери бар) кичирээк долбоорлорду ашырууну ойлонушүбүз зарыл. Жакынкы жылдарда энергетикалык көз карандысыздыктан чыгуунун жолдору көп. Чакан ГЭСтерди кичи, орто ГЭСтерди өзүбүздүн жигиттерге эле берүү керек, тезирээк курушсун.

– Эми сөздү кыскартып айтканда, Сиз “бир топтун кызыкчылыгы”, “мага бут тосуучулар”, “элдин душмандары”, ж.б. деген сөздөрдү
колдонбошуңуз керек. Сиз азыр Президентсиз. Андай сөздөрдү айта турган атайын адамдар болот.

– Саясый өңүттөн камалгандарды бошотуп, соттолгондугун жоюш керек.

– Сиз менен атаандаш болгондорду жана кыргыздын саясаттагы чыгаан жигиттерин айланаңызга тартыңыз, аларда да жакшы идеялары бар, аны пайдалануу керек.

– Бозгунда жүргөндөрдү да эл аралык сотпу, же өзүбүздүн эле сотпу, карап алып келүү керек. Акчаларын конкреттүү объектте салышсын.

– Дин жана илим-билим сыяктуу мага жакын маселелерде да кечиктирилбей чече турган проблемалар бар. Ал тууралуу кийин Кыргызстанга келгенде кененирээк токтолом го.

Азыркы учурдагы дүйнө боюнча (Армения, Казахстан, Европанын айрым мамлекеттериндеги) жана өзүбүздөгү эле Оштогу митингдер Сизден чапчаң аракеттерди күтөт.

Булардан башка да бир топ көңүлдө багып жүргөн маселелер бар. Азыр бийлик жана мамлекетти башкаруу дүйнөлүк политология илиминин теориялык канондоруна жооп бербеген “жинди болуп кетти” (Э. Макрон). Ошондуктан азыр Сиз үчүн жагымдуу жагдай түзүп турган, коомдук пикирдин шападасын пайдалануу керек. Мезгил өтүп кетет. Албетте президенттин жанында дүйнөлүк дөө-шаалар менен пикирлешкен жана
практикалык тажрыйбасы мол жакшы жигиттер бар. Бирок биз айтып коюшубуз парз. Аны кабыл алабы же жокпу ал президенттин жеке иши. Эгер колдонуп иш илгерилеп кетсе Президент Жапаровко анан элге эле жакшы. Биздин элдин жаман жашаганга укугу жок. Аны жакшыртуу ар бир инсандын милдети.

Жолборс Жоробеков, Техас, Остин шаары

УКМК: Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен баш тартышты

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу
жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Жумгал районунда Нарын аймагындагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу
салынган “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

2021-жылдын 27-февралында, облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жарандары «К.Ш.», «Э.А.» жана «Б.Б.» алар өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда.

Тажикстанда бензин кымбаттады

Тажикстанда бензин кымбаттады. Душанбедеги май куюучу жайларда бензиндин литри 8 сомонини (0,70 доллар) түздү. Эки апта эле күйүүчү майдын орточо баасы 7,00 сомониден ашкан эмес. Бул арада суюлтулган газ жыл башынан бери 12% кымбаттады.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы Казакстан өлкөгө бензин жеткирүүнү азайтканын жана Душанбе Орусиядан күйүүчү майды кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Агенттик дүйнөлүк рынокто мунай баасы жогорулаганын белгилөөдө.

Бул арада Тажикстан жашоочулары күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүк жана башка товарлардын баасына таасирин тийгизерин айтышууда.

Орусиялык «Газпромнефть» компаниясы тажик рыногунун 32% күйүүчү май менен камсыздайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нур-Султан менен Алматы вирустун тарашы боюнча «кызыл зонага» кирди

Нур-Султан менен Алматы вирустун тарашы боюнча «кызыл зонага» кирди. «Сары аймакта» Акмола, Батыш Казакстан, Атырау, Павлодар облустары турат. Калган облустар менен шаарлар «жашыл аймакта».

Алматы шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, соңку суткада Алматыда 160, Нур-Султанда 143 кишиден инфекция аныкталган.

Шейшембиде өлкө боюнча 693 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.

Казакстанда жалпысынан 220 018 киши COVID-19га чалдыгып, 203 миң бейтап айыкты. Эпидемия башталгандан бери 2 821 адам өлдү.

Дагы 647 адам вирустук пневмониянын кесепеттеринен көз жумган. Казакстан COVID-19дун белгилери бар пневмониянын статистикасын өзүнчө жүргүзүп келет. Санак былтыр август айында башталып, андан бери 49 581 кишинин өпкөсү кагынганы жана 44 миңден ашуунун айыгып чыкканы айтылат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек өкмөтү бир күндө Казакстанга 490 жумушчу жөнөттү

7-мартта каракалпакстандык 490 киши Казакстанда курулушта иштөө үчүн «Давид ота» чек ара бекети аркылуу Актау шаарына чыгып кетти. Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги билдиргендей, мигранттарды жумуш орундары менен камсыздоо алдын ала макулдашылган.

Жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бекер камсыздандыруу полисине жана кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган.

25-февралда Шавкат Мирзиёев өзбек-казак өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн эки өлкөнүн эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү менен алардын укугун коргоо жөнүндө келишимди бекиткен.

Документте эмгек мигранттарына маяна төлөө жана кирешелеринен салык кармоо, пенсия жана социалдык жактан камсыздоо, иш учурунда өлүп же майып болуп калган учурда компенсация төлөө маселелери жөнгө салынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШ Улуттук фтизиатрия борборуна заманбап медициналык керебеттерин өткөрүп берди 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборун 24 млн сомдук медициналык керебеттер менен камсыз кылууга жардам берди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинини басма сөз кызматы билдирди.

Берилген 78 заманбап керебеттер ал борбордо көптөгөн жумалар жана айлар бою кургак учукту дарылоого мажбур болгон бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган. Бул жабдууну Кыргыз Республикасына АКШдан жеткирүүнү USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору америкалык Project C.U.R.E. уюму менен биргеликте уюштурду.

Жабдуулар Улуттук фтизиатрия борборунун реанимациялык жана башка бөлүмдөрүндө орнотулду. Керебеттер орнотуу жана пайдалануу үчүн ыңгайлуу, бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуу жана дарылоону жеңилдетүү үчүн атайын функциялары бар. «Жаңы керебеттер кургак учук менен ооругандардын стационарда узак жана оор дарылануудан өтүүнү кыйла жеңилдетип берет», – дейт борбордун башчысы Болот Майканаев.

Көп учурда кургак учукка чалдыккан бейтаптардан ооруканада дарылануусу талап кылынат. Ооруну жуктурбастыгы аныкталгандан кийин дарыланууну андан ары үйдөн улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Оорлошкон учурларда же бейтаптар хирургиялык кийлигишүүгө дуушар болгондо, алар ооруканада бир нече айга чейин жатып дарыланышы ыктымал.

«Бул керебеттер мурдагылардан кыйла жакшыраак. Аны отуруп дагы, жатып дагы жөндөп алса болот. Эми аркам оорубай, уйкумду кандырып уктап калдым. Бул бейтаптар үчүн атайын иштелип чыккан экен», – дейт борбордун пациенттеринин бири (анын суранычы боюнча бейтаптын аты көрсөтүлбөдү).

Улуттук фтизиатрия борбору – Кыргыз Республикасындагы кургак учукту дарылоо боюнча негизги жана эң ири оорукана. Борбордо 350 бейтап жайгаша алат. Жыл сайын бул жерде 2,2 миң адам дарыланат. Кыргызстанда кургак учукту дарылоо акысыз.

USAID – кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандын көп жылдык өнөктөшү. Азыркы учурда, USAID «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорун JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат. Жалпы бюджети 18,5 млн АКШ долларын түзгөн долбоор Кыргызстанда кургак учукту аныктоо ишин күчөтүү жана дары-дармектерге туруктуу болгон кургак учукту дарылоону жакшыртууга багытталган.

Project C.U.R.E. — бул дүйнө жүзү боюнча медициналык буюмдарды жайылтуу менен алектенген гуманитардык уюм.

Коррупцияга шектелип кармалган укук коргоо органынын жетекчисинин туугандары аны бошотуп беребиз деген алдамчыларга $180 000 пара беришкен

Атайын кызматтын жетекчилигинин артына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды. Булд тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын кеңири комплекси жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтердин, ведомстволорунун мурдагы жогорку кызмат адамдары, жана ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды.

Бардык кылмыш иштери боюнча учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көптөгөн иштер белгиленген тартипте кароо үчүн сотторго жиберилген.

Ошол эле учурда, кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча, КР УКМК маалымат келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин атынан өзүлөрүн коргогон адамдар, шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш- жаза кодексинин 204-беренси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Кечээ, 9-мартта жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-ж.т. Кожоев Абдыразак жана 1978-ж.т. Мамаджанов Кумар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 кайрылуусун суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Ошондой эле, КР УКМК бардык тергөө иштери боюнча сот процессуалдык чечимдери кабыл алынаарын жана конкреттүү иштин тергелишинин жүрүшүнө таасир этүү аракеттери мыйзамдын толук көлөмүндө басылаарын эскертет.

Меню