Menu

АРХИВДЕР

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү: "Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деп кооптонууга негиз жок"

Акыркы учурда ММКда, социалдык тармактарда тараган, Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Анткени учурда аталган аймакта мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган. Бул боюнча буга чейин КРнын УКМК жана Баткен облустук прокуратурасы, жергиликтүү бийлик тарабынан маалыматты жеринен текшерип көрүү чечими кабыл алынып, атайын иликтөөлөр жүргөн.

Ушул эле маселе 2020-жылдын декабрь айында, 2021-жылдын январь айында козголуп, ага УКМК, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өз түшүндүрмөсүн берген”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек “Союз мезгилинде Өзбек ССР тарабынан курулуп Өзбекстан казып алып, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналардын ээлеген жер аянттары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жана жалпы ээлеген жер аянты 1400 гектарды түзөт.

Мунайды Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» (учурда «Андижаннефти» АК) 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССР маалында 108 скважина иштеп, СССР таркагандан кийин жараксыз болгон скважиналарды өзбек тарап бузуп алып кетип, 2011- жылы 18 скважина калган. Алардын ичинен 9 скважина бузук абалда, 9 даанасы оң абалда болуп 2011-жылдын 21-майынан бери токтоп турат.

Газ сактоочу жайлар боюнча 1950-жылдан мунайдан бошотулган тереңдиги 400-1350 метрге чейинки пласстарга газды камап 1 млрд 5 млн метр куб газды Фергана өрөөнүн жана Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдарын газ менен камсыздап турган. Бирок учурда газ жок.

Узтрансгазга таандык №1,2,3 ГРП ишканасында 108 газ сактоочу жайлары иштеп турган. Делимитация, демаркация толугу менен бүткөн, бирок обьектилер өткөрүлүп бериле электигинен, өзбек тарап бүгүнкү күнгө чейин ишканаларынын коопсуздугун кайтарып келет, бирок бир да скважина иштебейт.

Жогоруда аталган мүлктөр кыргыз тарапка өтө электигине байланыштуу эч кандай скважиналарды иштетүү иш-аракеттери жүрө элек.

Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен Өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет.

Аталган аймак Тажикстан Республикасы менен чектешпегендиктен, Тажик Республикасына Баткен облусунун Ак-Турпак айылынан мунайдын кирүүсү мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек кечээ, 2021-жылдын 9-мартында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшеналы Нурдинов, буга чейин бир катар массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, Баткен облусунан Өзбекстан жана Тажикстанга жер асты менен кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматка шилтеме менен, билдирүү жасап, бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар маалымат берүүсүн сураган.

Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Надырбеков Замирбек Касымбекович  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы депутат Шайлообек Атазов парламентте ант берди

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын тизмеси боюнча шайланып келген Атазов Шайлообек Карыбекович депутат катары ант берди.

Эскерте кетсек, Шайлообек Атазов мурдагы депутат Искандер Гайпкуловдун ордуна келди.

Видео - Чөнтөк уурулардан кантип коргонсо болот? Ысык-Көл облустук милициянын кеӊеши

Ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, чөнтөктөн уурдоо фактылары көпчүлүк учурда шаарларда жана райондордун борборлорунда басымдуулук кылат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар, эл көп чогулган жерлерде болот.

2021-жылдын 2 айында Ысык-Көл облусунун шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө 17 чөнтөк уурусу жана 97 уюлдук телефондорду уурдоо фактылары катталган. Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болгон. Ошондуктан, жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңилирээк:

– эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөргө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;

– капчыктарыӊыздар кийимиӊиздерден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын  көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар;

– уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;

– коомдук транспорттордо, жеболбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңуздарга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар;

– көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;

– төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз – бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатбай уурдай алышпайт;

– сумкаңыздын сыдырмасы бекитилгендигин текшерип, эл көп жайда өзүңүзгө бекем кысып алып жүрүӊүз;

– эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;

– Сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап, турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;

– үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин  эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;

– капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Эгер сиз уурулардын колунан жаьыр тарткан болсоңуз, же болбосо кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо ички иштер органдары менен 102 байланыш телефон аркылуу байланышыңыз.

Ошто мурда 3 жолу соттолгон, УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ички иштер органдарына Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын билдирген.

Аныкталгандай, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң  жолугушуулардан качып, изин жашырып кеткен.

Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) КР Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Укукка каршы аракеттерди жасоого тиешеси бар жаранды тактоо жана  кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн. Жакында, ушул жылдын март айында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн иш-чаралардын натыйжасында Ноокат районунун аймагынан  Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалды.  Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран М.З. мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

Өлкөдө дагы 34 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 1 бейтап каза болду

Бүгүн, 10-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 34 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 24, Чүй облусунан – 10. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 640 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 60 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 666га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 9, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 22, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 3.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Ош шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1476га жетти.

Тажикстанда кытай компаниясынын жумушчулары эмгек шарттарына даттанууда

Душанбеде тажик өкмөтүнүн жаңы имаратын куруп жаткан «Чиангду» кытай компаниясынын жумушчулары эмгек шарттарынын начардыгына жана укуктарынын бузулуп жатканына даттанууда.

«Бардык оор иштерди жергиликтүү жумушчулар аткарат. Кытайлыктар инженер, прораб болуп иштеп же иш бөлмөлөрүндө отурушат. Биз тогуз сааттан иштеп, оор жумушубуз үчүн болгону 70 сомони (6 доллар) алабыз», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.

Тажикстандын Эмгек кодексине ылайык, жумушчулардын иш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпашы керек. «Демек, жумушчулар айына кеминде сегиз күн эс алышы керек. Бирок компаниянын жетекчилиги жергиликтүү жумушчуларга айына төрт гана дем алыш күн берүүдө. Буга макул болбогондорду иштен кетирип жатышат», — деди дагы бир жумушчу.

Жумушчулардын бул даттануусу боюнча аталган компаниянын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин өкүлү аталган компаниянын жумушчуларынан эч кандай даттануу болбогонун билдирди.

Акыркы жылдары Тажикстандагы бардык ири объектилерди кытайлык компаниялар куруп жатат. Буга чейин алар Улуттук китепкана менен Тышкы иштер министрлигинин имараттарын тургузса, азыр парламент жана өкмөт үйүн курууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда бир айда интернет алдамчылыкка байланыштуу 1,8 миң кылмыш иши козголду

Казакстанда өткөн жылга салыштырмалуу быйыл интернет алдамчылык кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Finprom.kz аналитикалык сайты өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Башкы прокуратурасына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл январь айында «Алдамчылык» беренеси боюнча Казакстанда 4 миң кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылдын алгачкы айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30,9% көп.

Кылмыш иштеринин 43% же 1,8 миңден ашыгы интернет алдамчылыкка байланыштуу. Алардын көбү Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында катталган.

— Төрт миңдин ичинен 400гө жакынынын бети ачылды. Бизге кылмыштарды чет өлкөлөрдөгү адамдар жасаганы кыйынчылык жаратууда. Биз маалыматтарды Интерполго жөнөткүчө из жашырып кетип жатышат, — деди ИИМдин расмий өкүлү Нурдилда Ораз.

Буга чейин Казакстандагы бир катар банктар кардарларына интернет алдамчылык күчөп жатканын эскерткен. Алардын маалыматы боюнча шылуундар көбүнчө өздөрүн банк кызматкери катары тааныштырып, жарандарды түрдүү кайрымдуулук акциялары, каржы кызматтары жана белектер тууралуу жалган маалыматтар менен алдап, өз эсептерине акча котортууга аракет кылышат.

ИИМдин маалыматына караганда, быйыл январда алдамчылык схемаларынан улам жалпысынан 1,8 миллиард теңге зыян келтирилген. Бул сумманын 1,1 миллиарды жеке жактарга, 529,9 миллиону мамлекетке жана 82,7 миллиону юридикалык жактарга таандык.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин тууралуу тасма тарткан компания Мирзиёев жөнүндө даректүү фильм тартууга киришти

Орусиялык «Мастерская» киностудиясы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жөнүндө документалдык тасма тарта баштады.

Быйыл август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалып жаткан тасма Өзбекстан президентинин администрациясынын буйругу менен тартылууда.

«Мастерская» кинокомпаниясы 2015-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин жөнүндө «Президент. Жаңы Орусиянын тарыхы» аттуу тасма тарткан. Айрым талдоочулар аны «көргөзмө пропаганда» деп баалашкан. 2018-жылы ушул эле компания алып баруучу Владимир Соловьев менен президент Путиндин бир жарым сааттык маегинин негизинде дагы бир даректүү тасма даярдаган.

Өзбекстандык киносынчы Акмал Ризаев «Мирзиёев тууралуу тасма Путин жөнүндөгү тасма менен окшош тартылат» деген пикирде. «Тасманын кыскача мазмуну менен таанышып чыктым. Анын негизги максаты — Мирзиёевдин башкаруусун сакралдаштыруу. Тасмада президент жарандардын көйгөйлөрүн уккан, коомду жаңылап жаткан, төрт тарабы төп келген лидер катары көрсөтүлөт. Анын форматы — «эл» жана анын чыныгы лидери Мирзиёев», — деди Ризаев.

Расмий түрдө өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган тасма 1-сентябрда, өлкөдөгү президенттик шайлоого бир жарым ай калганда көрсөтүлөт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Мирзиёев азырынча өзүнүн бул шайлоого байланыштуу пландары тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте пилоттук колледждерге бюджеттик каржылоо ченемдерин киргизүүнүн жыйынтыктарын талкуулашты

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан уюштурулган тегерек столдун алкагында орто кесиптик билим берүүнү ченемдик каржылоонун моделин апробациялоонун жыйынтыктары талкууланды.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Экономика жана финансы министрлигинин, орто кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.

Билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо – бул билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүүдөгү принципиалдуу жаңы мамиле.

Ченемдик каржылоодо окуу жайлар чыгымдар беренелерин так регламенттебестен, бирдиктүү акчалай массаны алышат, чыгымдардын ченемдери билим берүү процессине жана билим берүү чөйрөсүнө сарпталуучу учурдагы чыгымдарды камтыйт.

Ченемдик каржылоо модели “акча студенттин артынан жүрөт” принцибин ишке ашырат жана бүгүнкү күндө каржылоонун натыйжалуу модели болуп саналат. Аталган моделди киргизүүдө орто кесиптик окуу жайлар 1 студентке карата бекитилген каржылоо ченемдеринин негизинде андагы билим алып жаткан студенттердин санына пропорционалдуу бюджеттик каржылоого ээ болушат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 66-б буйругуна ылайык орто кесиптик билим берүү системасында ченемдик каржылоо моделин апробациялоо жана аны коштоочу бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январь айына чейин КР БИМдин 8 пилоттук колледжинде эксперимент жүргүзүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө ченемдик каржылоону эсептөөнүн формуласы жана 8 пилоттук колледжде жүргүзүлгөн бюджеттик каржылоонун ченемдерин пилоттоонун жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ченемдик каржылоого өтүүдө пилоттук колледждердин бюджети 2020-жылы дээрлик 10 млн. сомго өскөн, эмгек акы фонду өстү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, билим берүү чөйрөсүн камсыздоо үчүн окутууда сарпталуучу материалдарга чыгымдар жана башка чыгымдар мүмкүн болду.

Формула республиканын колледждеринде окутулуучу 18 ирилештирилген адистиктер жана даярдоо багыттары боюнча эсептелди. Пилотко жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары 8 пилоттук колледждин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн жакшы жакка өзгөргөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт.

Тегерек столдун жүрүшүндө алынган сунуштар ченемдик каржылоонун формуласын жеткире иштеп чыгууда жана аталган ченемди бардык орто кесиптик окуу жайларга киргизүү боюнча ченемдик документтердин долбоорлорунун акыркы версиясында эске алынат.

Меню