Menu

Фото – Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча Кеңештин 17-жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 9-декабрь күнү Брюссельде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Хорватия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер Министри Гордан Радмандын тең төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча Кеңештин 17-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын, ошондой эле, КР менен ЕБнын ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташын эске алуу аркылуу Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы мамилелердин абалын жана аларды бекемдөө келечектерин талкуулады.
Билим берүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү, шайлоо жана сот системаларын реформалоо, гуманитардык куржун, региондорду өнүктүрүү, иче турган суунун жеткиликтүүлүгү, банк-каржы чөйрөлөрүндөгү кызматташтык жигердүү жана ырааттуу өнүгүп жаткандыгы баса белгиленди.

2020-жылы Бишкекте ЕБ – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын демилгеси ЕБдагы жана Борбордук Азиядагы өнөктөштөрдүн ылайыктуу колдоосун тапкандыгы канааттануу менен белгиленди.

Кыргыз тарабы КР жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин кароонун, ошондой эле КР авиакомпанияларын ЕБнын кара тизмесинен чыгаруунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелерди көтөрдү.

Тараптар шайлоо процессин реформалоо маселелери боюнча пикир алмашты. Кыргыз тарабы ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында ЕБ менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, анын ичинде, экологиялык маселелер жана билим берүү боюнча бир катар сунуштар менен чыкты.

Жыйынтыктоочу пресс-конференцияда европалык делегациянын Башчысы – Хорватиянын Тышкы жана европалык иштер министри Г.Радман Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүүсүнө Европа Бирлиги колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: