Menu

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов “каралар” көзөмөлдөгөн CИЗО-1 абагына которулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-августта көп жылдан бери кыргыздын айрым саясатчыларын мурдунан жетелеп алып, “сердый кардинал” атыгып, эбегейсиз көп байлык топтоп, бирок анысын жашырып, “мен миллионермин!” деп айтпастан “мен кедеймин” деп образ жаратып келген КР Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан Бишкек СИЗО-1 абагына которулду.

7-8-август күндөрү Кой-Ташта, Атамбаевдин үйүндө укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей каршылык көрсөтүп, баш аламандык уюштургандардын артында турган көмүсө “дирижерлугу” үчүн Фарид Ниязовду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта 2 айга, тергөө учурунда, 8-октябрга чейин Бишкек СИЗО-1 абагына камоо чечимин чыгарган.

Эксперттердин айтымында, Бишкектин СИЗО-1 абагынын ички турмушун толугу менен “каралар” көзөмөлдөйт. Ал эми ал жерге кирген ар бир мамлекеттик чиновник автоматтык түрдө “маслокрад” болуп эсептелет. Ал эми ар бир “маслокрад” сөзсүз түрдө өзүнүн бардык байлыгынын 10%ын “общакка” өткөрүп  бериш керек. “Общактын” бухгалтериясы эбак эле Фарид Ниязовдун канча акчасы, канча үйү, канча гектар жери бар экенине чейин эсептеп-тактап коюп күтүшүүдө дешет.

“Каралардын” мындай мыйзамдары айрыкча Атамбаев заманында катуу өрчүгөн эле. Атамбаев менен Фарид Ниязов мындай жолдор менен саясый оппоненттерин коркутуп-жазалап, биротоло саясый аренадан аларды жок кылып, өздөрү гана Кыргызстанды көзөмөлдөп калабыз деп кыялданышкан. Атамбаевдик режим учурунда 30дан ашык саясый туткундар түрмөгө камалды. Алардын алды “каралардан” коркуп, “закрывашкаларда” (Текебаев) жалгыздап жатышат. Коркпой каяша кылам дегендери кызыл-жаян болуп союлду (Жапаров). Эми ошонун баары Фарид Ниязовдун да өз башына түштү. Ошондуктан кыргыз “Бирөөгө ор казба, өзүң түшөсүң” деп эскертип келет. Табаа эмес тобоо, “байлык колдун кири”, башы аман болсун.

Фарид Ниязов бир кезде Акаевдин башын айлантып жүрүп, аңга түртүп, анан өзү бар тапкан байлыгын көтөрүп, чет өлкөгө качып кетти эле. Эми Атамбаевди аңга түртүп дагы байлыгын көтөрүп качып кетерде, качырбай кармап калган күч органдарына алкыш айтышыбыз керек.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: