Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе, Конституцияга ылайык спикер президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев “Азаттыктын” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, түшүндүрмөлөрдөн кийин өкмөт үйүнүн жанындагы митингчилер тарап кетишкен.
“Бирок, тилекке каршы, кечээ президенттин мыйзамсыз жарлыгынан кийин эл кайтып келди” – деди ал.
Президент отставкага кетпесе эмне болот деген суроого Аманбаев: “Баары мыйзам чегинде болушу керек. Ар бир бийлик өз милдеттерин так аткарышы керек. Таза шайлоо өткөрүшүбүз керек. Кышка даярданышыбыз керек. Керек болсо, шайлоо мыйзамдарын киргизүү керек” деп жооп берди.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков өлкө укуктук талаага кайтып келгенден кийин, парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кете турганын билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ