Ош шаарында мас айдоочу электр мамысын сүзүп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-сентябрда саат 02:00до болгон. Анда Курманжан Датка менен К.Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде “Hyundai Getz” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу электр мамысын сүзгөн. 1987-жылы туулган шаардын тургуну унааны башкара албай калган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Айдоочу наркологиялык клиникага жеткирилип, кырсык болгон учурда ал алкоголдук мас абалда болгону белгилүү болду. Унаа айып жайга токтотулду. Тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ