Menu

Маркум Тилек Мураталиев: Китеп — идеологиянын куралы, билим булагы

Бөлүшүү:

Заманбап кыргыз адабияты жана анын көйгөйлөрү жөнүндө көп эле айтылып келатат. Адамдын жан-дүйнөсүнө рухий гүлазык берип, үмүтүн жандырып, келечекке болгон ишенимин түптөй алган көркөм дүйнөнүн керемети тууралуу кеп кылганда жазуучу менен басма ишмеринин мээнетин тана албайбыз. Замандын ыргагы менен бир караганда өлкөбүздө китеп окуган адамдардын саны кыйла кыскарууда, ошого карабай  жазуучулардын катары жаш жана таланттар менен толуктанууда. Учурда республикабызда китеп чыгаруу бир аз  жанданганы менен басмалар, китеп дүкөндөрү саналуу гана. Бул тармак жеке ишкер, демилгелүү инсандардын колдоосу менен гана кармалып турат.  Алардын бири- өлкөбүздүн жазуучулар кошунун төрагасынын орун басары, «Жаңы Ала-Тоо» журналынын демөөрчүсү, меценант, «Турар» басма үйүнүн директору Тилек Мураталиев менен  көзү тирүүсүндө далай ирет маектешкен элем.

Жакында эле Тилек досубуздун капилеттен каза болушу  мага да, кыргыз коомчулугуна аябай оор тийди. Тилектин акка моюн сунганына 20 күндөн ашса дагы ишене албай турам. Ошондуктан бул маектешүүнү аны эскерүү катары кабыл алыңыздар. Себеби, бул маектешүүбүз мурда кийин эч жерде  жарыялаган эмес. Тилек сыпайылыгын көрсөтүп, «мени пиар кылбай эле койчу» деп каршы болуп койгон эле…

Эми гана ушул маектешүүбүздүн айрым учурларын гана окурмандарга сунуш кылууну эп көрдүм.

-Тилек мырза бүгүнкү күндө окурманга да, жазуучуга да, басма ишмерине дагы ыңгайлуу жана пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө болобу?

-Эгерде окурман менен жазуучунун ортосунда басма ишмери көпүрө болуп турса-бул идеалдуу жагдай болот. Себеби, дүйнө жүзүндө бардык  акын, жазуучунун, калемгерлердин чыгармасын окурманга жеткирүүдө басма ишмеринин салымы зор. Ал эми кеңеш өкмөтү учурунда басма ишин мамлекет өз мойнуна алып, жазуучуларды советтик идеологияны жайылтуучу куралга айландырып, цензура менен чыгармаларын электен өткөрүп чыгарып, очойгон калем акы төлөп, таратуу маселесине алардын башы да ооручу эмес. Ошондуктан окурмандардын дагы табити, көз-караштары да ар түрдүү болгон. Азыр болсо заман башка, биз жаңы гана эгемендиктин, демократиянын шартына көнүп келатабыз. Учурда калемгерлер басма ишмеринин да, китеп сатуучунун да ишмердүүлүк сапаттарын, милдеттерин алып жүрүүгө, түшүнүүгө аргасыз болуп отурат. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө басма ишмерлери да күнөөлү болуп, колдон келишинче жаңыча көз-караш менен иштөөгө аракет кылып жатабыз. Жеке аракетибиз менен авторлордун адабий агенти катары  бүткүл дүйнөлүк китеп көргөзмө-жармаңгелерге катышып, китеп гана сатпастан жазуучулардын автордук укуктарын сатууга бир нече жолу далалат кылдык.  Бул тармакты дагы ийне-жибине чейин иликтеп, эл аралык тажрыйба топтоо керек экен.

– Бул үчүн эмне кылуу керек, кандай тоскоолдуктар болууда?

– Бул үчүн велосипедди кайрадан ойлоп табуунун зарылдыгы жок, жөн гана биздеги колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, акын-жазуучулар менен тыкыс кызматташып иштөө керек. Себеби бизде мыкты чыгармалар, таланттуу акын-жазуучулар, калемгерлер бар. Басма ишмерлеринен көп нерсе көз каранды. Анткени мыкты жазуучунун чыгармаларын калкка жеткирүүдө басма ишмеринин ролу зор. Ыңгайы келип турат, XIX кылымдагы бир француз жазуучусунун окуясын мисалга келтирейин. Түрү селсаякка окшогон, өтө жупуну кийинген бир автор басмакананын жетекчисине кол жазмасын тагдырын аманат катары тапшырат. Тиги басмакана жетекчисинин иши чачтан көп болуп, баягы автордун кол жазмасына маани берип карап да койбойт. Бир нече ирет «кол жазмамды окудуңузбу? деп келген селсаякка окшогон авторго бир аз майда тыйын-тыпыр берип, иттен чыгарып, колу бошобой жатканын айтып узатып койчу экен.  Акыры чыдамы түгөнгөн байкуш автор, чыдамы кетип, басмакана жетекчисин кол жазмамды окуп чыкпасаң бирди көрсөтөм деп, кекиртектен алат экен.  Көзү алайган басма ээси «жазмакердин кол жазмасы кайда эле» деп карайлап, чаң басып жаткан жерден таап, «кечинде көз жүгүртүп чыгайын» деп «тим эле укмуш шедевр жаратып салгансып, коколойт» деп күңк-мыңк этип, авторго шылтоо айтыш үчүн аргасыздан үйүнө ала кетиптир. Анан аялы кечки тамакка чакырса да күйөөсү келбейт дейт. Көрсө күйөөсү тамакка дагы кайыл болуп, баягы кол жазмага сайылып, баш көтөрбөй таң аткыча окуп чыгып, таң эрте  басмаканага жүгүрүп, тезирээк бул китепти чыгаруу керек деп, баягы селсаякка окшогон жазуучуну издетиптир. Көрдүңөрбү, бир эле киши адам тагдырына арачы, данакер болоорун. Ошондуктан басма ишмери-адабиятты, маданиятты, илим-билимди,  экономиканы, социалдык- коомдук абалды түшүнгөн адис болушу зарыл.

– Эмне себептен басма ишмерлери жогоруда айткандай жарк эткен таланттарды издебей жүрөсүңөр? Же  учурда жазуучулардын колго алаарлык чыгармалары жокпу? Өзүң кимдердин чыгармаларынын күйөрманысың?

Эл ичи-өнөр кенчи дегендей, элибизде таланттар арбын. Ошондуктан таланттуу жаштардын тушоосун кесүү, аларды издөө максатында 6-7 жылдан бери «Арча» адабий чыгармалар конкурсун уюштуруп, ондогон чыгармаларды « Жаңы Ала-Тоо» журналына чыгарып, Улуттук жазуучулар кошуну, атактуу жазуучулардан турган атайын комиссия менен электен өткөрүп, жеңүүчүлөрүнө 100 миң сомдон баштап акчалай сыйлыктарды ыйгарып келетам. Абдан жарк эткен мыкты чыгармаларды китеп кылып чыгарууга да демөөрчү болуп жүрөм.

Мен өзүм кыргыздын классик акын-жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлгөн Касымбеков, Качынбай Осмоналиев, Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев,  Казат Акматов, Кеңеш Жусупов, Омор Султанов жана башкалардын чыгармаларына кызыгам.  Ал эми замандаштарымдан Мелис Абакиров, Акбар Рыскулов, Талип Ибраимов, Давид Маркиш, Арслан Койчиев жана башкалардын китептери «Турар» басмасынан жарык көрдү.  Окурман катары дүйнөлүк жана орус классиктердин чыгармаларын жата калып окуйм. Жакында эле Максим Горькийдин чыгармаларын кайрадан окуп чыктым. Ал эми жаш жазуучулар Дэн Браун, Пауло Коэльо, Муракамдын чыгармалары кайдыгер калтырбайт.

-Сен айткан залкар жазуучулардын мыкты чыгармаларын улуттук идеялогиянын, таалим-тарбиянын үлгүсү кылалбай жатабыз го?

Мурда советтер союзу учурунда идеологиянын башатында  акын-жазуучулар турчу. Мамлекет дагы аларга таянып, иш жүргүзүп, аларга бардык шарттарды түзүп,  бөпөлөп турган эле. Доор өзгөрүп, советтик система ыдырап, эгемен өлкө болгону акын-жазуучулар өз арбайын өзү согуп, коомдо жазуучунун ролу өзгөрүп, мамлекет камкордукка албай калды. Улуттук идеологияны «Манас» дастаны баштаган  улуттук  баалуулуктардан издеп,  айрым учурларда залкар акын-жазуучулардын таалим-тарбиянын үлгүсү болгон чыгармалары көз жаздымда калып калууда. Жазуучулардын элге-журтка таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылбай калып жатат.    

Ал үчүн эмне кылуу керек?

– Ал үчүн таалим-тарбияны бала бакча менен мектептерден баштоо керек. Ошондой эле ата-энелерди дагы унутпоо зарыл. Баарыбыз бирге кайрымдуулук иш-чараларын колго алып, акын-жазуучулар менен мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп, балдардын ыр-аңгелеринин конурстарын уюштуруп, шык-жөндөмүн кубаттап, таланттардын ачылышына өбөлгө болушубуз керек. Балдар үчүн эң мыкты тарбиялык мааниси терең журнал чыгаруу зарыл болуп турат.  Ал эми мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында дагы чыгармачылык кечелерди өткөрүүгө мамлекет дагы кызыгдар болуп, колдоо көрсөтүп, китеп-журналдардын көргөзмө- жармаңгелерин уюштурууга жана  сатууга жардам берүүсү керек.  «Куттуу орун бош калбайт»,- дегендей идеологиялык өксүктү башка багыттардагы радикалдар, исламдык террорчулук уюмдардын идеолгиясы ээлеп алышы да ыктымал.  Ошондуктан 2010-жылдан бери Басма ишмерлер ассоциациясы жана китеп таратуучулар бирикмеси Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрынын аймагында  ар жыл сайын китеп көргөзмө-жармаңкесин өткөрүүнү салтка айландырып келатабыз. Мындай иш-чараны ар бир облустта өткөрсөк деген тилек-максаттарыбыз бар.

Мисалы, китеп окуу боюнча Япония мамлекети биринчи орунда турат экен. Андан кийин Америка, Германия сыяктуу өнүккөн Европа мамлекеттери. Японияда бир адамга 10-11китеп туура келсе, Америкада 8-9 китеп туура келет дешет адистер. Бизде бул аябай көйгөйлүү маселе. Китеп окуу адамга аябай көп жакшы таасир тийгизет, мээнин иштешине, ой-чабыттын артышына да чоң таасир берет экен.

– «Турар» басмаканасынан жакында эле залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 3-4 томдук энциклопедиясы жарык көрдү.  Айтматовдун ааламы, дүйнөсү  эмнеси менен арбап алды эле?

– Мен үчүн бала чагымда эле Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүн ачып берген атама миң мертебе ыраазымын. Атам абдан билимдүү,  көркөм адабиятка, маданиятка кызыккан жан эле. Айтматовдун чыгармаларын орусча окуп, мага маанисин кыргызча түшүндүрүп айтып берчү. Кийин эр жеткенде бардык чыгармаларын издеп, түп нускасында окуп, арбалып калдым. Учурда биздин адабият менен маданиятты Айтматовсуз жана анын чыгармаларысыз элестетүү мүмкүн эмес. Чыңгыз Айтматов – улут сыймыгы, ар-намысы, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чыныгы мекенчил, элдик атуул.  Мындай дегенимдин себеби, ишим боюнча чет өлкөлөргө көп барам. Же чет өлкөлүк меймандарды, досторду көп тосуп алып, кабыл алып, маектешем. Кеп-сөздүн төркүнү барып эле Айтматовго такалат. Себеби ал улут символу, өлкөбүздүн сыймыгы, доорубуздун даанышман-залкар ойчул инсаны болуп калган да. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын калкыма, чет элдик меймандарга тартуулоо мен үчүн өтө сыймык жана ардактуу.

– Акын-жазуучулар менен аралашып жүрөсүң, деги башка калемгерлер Айтматовдун чаңында калбай, анын аркасында жаштардын дүбүртүн байкай алдыңбы?

-Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт,- дешет эмеспи. Ыңгай келип калды, ушуга байланыштуу Салижан Жигитов агайдын бир тамаша кебин айтып берейин.  Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында кыргыз телевидениеси андан интервью алууну пландаштырат. Бул сый-урматтуу иш Салижан Жигитовго жүктөлөт. Маектишип бүтүп, теледен кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетпей, калган аңгемени көчөдөн улантып, көпкө туруп калышат.

— Ие, Салижан, мен тияк-биякта командировкалап көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, жаштардын дүбүртү кандай?— десе, жообу даяр, шайыр Сакем:

— Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт, — деп каткырган экен. Анын сыңарындай совет доорунда Айтматовдун арты жымжырт болсо, эгемен алганы жаштардын дүбүртү дурус. Эми дароо Айтматовго теңелиш кыйын дечи. Бирок, уучубуз куру эмес. Кылымдар, доорлор алмашса дагы адабият кала берет. Үмүт жандырган таланттуу жаштар бар. Ошондуктан кыргыз адабиятынын келечегине ишенем.

Ошондой эле китеп өндүрүшүнүн келечеги кең, кыргыз эли эң көп окуган элге айланаарына терең ишенебиз. Себеби китеп окуу идеология менен байланышкан нерсе. Китеп окуган киши маданияттуу, жоопкерчиликтүү, мээнеткеч,  ыймандуу, уяттуу болот. Мамлекетибизге так ошондой  китекөй кишилердин саны аз болуп жатат. Акырындык менен баары жакшы болот деп ишенем. Себеби,  элдин руханий жактан туруктуу калыптанышына, билим, акыл- эс, маданиятын өстүрүүдө жана тарбиялоодо китептердин ролу эбегейсиз зор экени талашсыз.

-Тилек мырза, адабият, маданияттан сырткары дагы эмнеге кызыгасың?

– Негизги географ болгондуктан жаратылыш кубулуштарында, кооз жерлерге, чет өлкөлөргө саякатка чыгууга кызыгам. Бош убакытым болсо кайырмак менен балык уулоого куштармын. Чет өлкөлөргө чейин балык уулап барып турам. Кыргызстанда балык кармоо боюнча мелдештер уюштурсаңар, сөзсүз катышат элем.  Кыргыз калкына балык уулоо маданитятын, адебин,  эл аралык тартибин үйрөтүү үчүн дүйнөлүк практиканы, тажрыйбаны колдонуу менен өлкөбүздө спорттук балык уулоо федерациясын уюштуруу зарыл болуп турат. Туш келди балык кармабай, броконьердик кылып, тор менен балыктарды массалык кырып жибербей, балык кармоонун да эрежелерин сактоо үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мелдештерди уюштурсак дейм.  Ден соолук үчүн жөө басып, кээде велосипед тебем. Анан дем алыш күндөрү Кочкор районундагы киндик кан тамган туулган айылым Кызыл-Дөбөгө барып эс алып турам.

Кочкор- деген кышы жылуу, жайы салкын керемет жер эмеспи?!

Маектешкен Кабыл Макешов,

жазуучу, спорттук баяндамачы, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы.

Атайын «Кыргыз тудей» үчүн

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: