Кечээ, 5-февраль күнү Кочкор районунда үч автоунаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, болжол менен саат 20:00до Жаңы-Жол айылындагы Орозбаков көчөсүндө “Daewoo Nexia”, “ВАЗ-2107” жана “ЗИЛ-130” үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышкан.
“Daewoo Nexia”жеңил унаасындагы 4 адам, “ВАЗ-2107” унаадагы эки адам жана “ЗИЛ-130” жүк ташуучу унаасындагы бир адам жабыркап, алар ар кандай жарааттарды алышкан.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучу тобу барып, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ