Menu

Атына заты төп келбеген Манас Арабаев “адалбы?”

Бөлүшүү:

Адам баласы жашоого келген наристеге жакшы тилек менен ат койот эмеспи. Бирок, ошол атка татыксыз болуп, а тургай ал атты булгагандар да бар. Дегеним, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик доорунун акыркы жылдары «Манас Арабаев» деген ысым өтө көп аталды. Ага улай эле бул эргулдун доору далай акыйкатсыздыктарга дарбаза да болгондугу аңыз кеп болууда. Себеби, тартипти, мыйзамдуулукту көзөмөлдөп олтурган баардык соттор Кудайдан кийин эле ушул «Манас Арабаев» деген ысымга «сыйынып» калышкан. Бул эргул далай ишти бажарып, болушунча тайраңдаганы боюнча азыр да узун сабак кептер айтылып келет. Арабаев учурда: «Эптеп убакыт өтуп, менин иштерим «кар жаады из басылды» тактикасы менен унутулса экен» деген «изги тилек» менен жашап жүрөт. Бирок, жоопкерчилик жана жаза дегенди мезгил бүктөмдөрү жашырып кое албайт да. Улуу Манас атанын ысымы менен айтылуу Ишенаалы Арабаевдин фамилиясын алып жургөн шумпай кайсы бир күнү жазасын алат деген ишеничтебиз. Эгер мындай иштерге баргандар жазаланбаса анда коомдо анык мыйзамсыздык өкүм сүрүп, мамлекеттин баалуулугу жоголоору турган иш. Муну өлкө башчылары ойлонуш керек.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: