28-апрель түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, күндүз айрым жерлерде 15-20 м / с чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +27… +32,
Таласта түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +25…+30,
Баткенде түнкүсүн: +13… +18, күндүз: +27…+32,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +13…+18, күндүз: +27…+32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +21…+26,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз: +29…+31.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ