Menu

Нарынбаев “наркоздон” ойгонсо, далайлардын тагдыры чечилеби?

Бөлүшүү:

Ушул ай менен президенттин мурунку администрация башчысы Данияр Нарынбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгаары маалым болду. Чын эле күнөөлүү болуп камалдыбы же саясий кызыкчылыктын курмандыгы болдубу, аны бир Кудай билбесе так айтуу кыйын деңизчи, бирок кылмышкер катары жазасын өтөп жаткандыгы айкын. Кеп нугу башкада. Нарынбаев жөнөкөй фигура эмес. Бул киши саясатта «серый кардинал» деген ат менен белгилүү, бир топ ишти ийге келтирчүлөрдүн катарында турары анык. Мындан улам, учурда кайнап жаткан саясий кармашты эске алсак, Нарынбаевдин мөөнөтү аяктаса деле камап олтура беришеби же эркиндикке чыгарышабы деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Анткени Нарынбаев ушул бийликтин тушунда камалып олтурат. Эгер мындай кырдаалда Нарынбаев эркиндикке чыкса, саясатка кандай түс бере алат?  Чыгып алып Текебаевге кошулуп, азыркы бийликтин айласын кетирбейби? Дегенибиз, эл билбеген канча деген маалыматтар Дакебиздин башында катылып жатат дегендей. Ушул жагынан алып караганда бийликке Нарынбаевди «наркоздон» ойготуунун кандай пайдасы бар да, кандай зыяны бар? Айтып болбойт…

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: