Menu

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу: “Илим Карыпбековду кыйышпас достору спикерликке чакырган “Медиа топтоо-2020″ форуму өз ишин токтотсун!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-апрелде белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте өтүп жаткан “Интерньюс Кыргызстан” уюмунун “Медиа топтоо-2020” форумуна КТРКнын экс-директору Илим Карыпбековдун спикерликке чакырылышына каршы акция өткөрдү.

“Илим Карыпбековду “Медиа топтоо-2020” форумуна чакыргандарга нааразыбыз! Илим Карыпбековдун ким экенин билип туруп, форумга спикерликке чакыргандарды да түшүнбөйм. Форум ишин токтотсун!” деген чакырык коштоп, “Илимдин орду форумда эмес, түрмөдө. Уят.” деп жазылган плакат көтөргөн өзүнүн сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялады.

“Ушул күндөрү Бишкекте “Медиа топтоо-2020” аттуу форум өтүп жатат. Кырдаалга байланыштуу онлайн форматта. Ошол иш чарага Илим Карыпбеков катышып, ал турмак спикерлик милдетти аткарат экен. Анын ордуна башка журналистти, блогерди таппагансып. Андан да мыкты өз позициясына бекем, жазгандары, ой жүгүртүү деңгээли жогору, жарыяланган материалдары дайыма кызыгууну, талаш-тартышты чыгарып жүргөн, журналистиканын бардык принциптерин сактаган билимдуу журналисттер ого эле көп. Эмнеге, кезегинде Максим Бакиевдин командасында иштеп, кийин КТРда иштеп, аны “кара ящикке” айландырып, бийликке сын айткан саясатчылардын кадыр-баркын булгап, бир тараптуу көрсөтүү, берүүлөрду уюштурган жана башка акыйкатсыз иш аракеттерди жүргүзүүгө тиешеси бар алдамды мындай маанилүү иш чарага катыштырышат. Аны уюштургандар жана Илимди чакыргандар мүмкүн кыйышпас достордур. Дос болушса боло беришсин. А мындай коомдук-саясый ишке булардын достугунун кимге кереги бар! Адилеттүүлүк, коомчулуктун пикири эмнеге эске алынбайт?” – деп жазат Өндүрүш Токтонасыров.

На изображении может находиться: один или несколько человек

Буга чейин “Акипресс” сайтынын “Лимон” тиркемеси да бул тема боюнча макала жарыялап, социалдык тармактардын колдонуучулары “Интерньюс Кыргызстан” уюмунун жетекчилиги америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен уюштурулуп жаткан иш-чараларга өзүнүн жакын досторун жана досторунун досторун гана чакырып, коррупциялашып кеткенин талкуулап жатышканын жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: