Бул тууралуу Суу ресурстарынын мамагенттигинин суу менен камсыздоо жана бөлүштүрүнүү өнүктүрүү департаментинин мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Искендер Исмаилов басма сөз жыйынында айтты.
Анын айтымында, мекеме баасаясатынын жаңы концепциясын даярдап жатышыптыр, ал иче турган суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү стратегиясына туура келет. Анда бааларды аныктоо тартиби келтирилген.
“Бул документ министрликтер жана мекемелер менен макулдашылып, анан жалпы коомдук талкууга өкмөттүн сайтына коюлат. Менимче, токтомду бекитебиз, суу менен камсыз кылган тараптар баасын өзүнүн турган баасына теңей алышат”, – деди ал.
Ошол эле учурда И.Исманкулов сууга болгон бааны жергиликтүү бийлик бекитерин эскертти. Азыр донорлук каражаттарга Кыргызстан боюнча суу түйүндөрү курулуп жатыптыр.
“Эл бул суунун баасы эмес, а суу жеткирүүнүн баасы экенин түшүнүшү керек”. – дейт адис. Ал күздөн баштап Бишкекте иче турган сууга баа көтөрүлгөнүн эске салды. “Биз элдин реакциясын социалдык тармактар аркылуу карап турдук. Көпчүлүгү шаардын сууканалы мышык ыйлачудай абалда экенин түшүнүштү, бааны көтөрүү – арга жок чара”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ