Menu

Видео – Бүгүнкү митингге келген «Кырк чорочулар» менен спортсмендер “кагылышты”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Ак үйдүн жанында «REакция 2.0» аттуу тынчтык митинги экинчи жолу болуп өттү. Ага келген жарандар колуна кызыл карточканы кармап алып, «Кыргызстандагы сөз эркиндигин, мыйзамдардын тебеленишине жана коррупцияга каршы» экенин билдиришти. Ошондой эле алар: «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды көтөрүп турушту. Аларга аралашып ар ким көйгөйүн жазып алган кагазын көтөрүп жүрүштү. Анда ЖКнын депутаттары аталган: «Акылбек Жапаров ууру, ал бир топ жерди басып алган», «Кожобек Рыспаевге бир сомдон чогултабыз!»,-  деген сыяктуу. Арстан Алайды жактагандар да келип: “Арстан Алай бийлик башына келмейин Кыргызстан оңолбойт”,-десе, айрымдары Садыр Жапаровго боштондук деп келишиптир. Бирок, бүгүнкү митингди уюштуруучулар аларды кошпой, сүйлөтпөй жатышты.

Ал аңгыча ак калпакчан “Кырк чоронун” жигиттери желек менен митингди көздөй Ак үйдүн алдында келатышканда, алардын алдын беттерине медициналык маска тагынган белгисиз бир топ балдар тосуп чыгышып, кыжылдашуу болду. Белгисиз топ балдардын башчысын сурап, маскасын алып коюп, “сүйлөп бергиле, кандай максат менен келдиңер?”,- десек, бизди, журналисттерди сөгүп, беттерин ала качып жатты. Ал жерде бир мас бала “кырк чорочуларды” кекетип, сөөмөйүн кезеп жатты. Аны менен “Кырк чоронун” жетекчиси Замир Көчөрбаев сүйлөшүп, “колуңду түшүрүп сүйлө!”,- деп алардын келген жайын түшүндүрдү. Анын айтымында, алар да сөз эркиндигин коргойт жана коррупцияга каршы. “Бул жерде биздин атыбыздан бирөө сүйлөп жатат деген үчүн шашып келдик. Ал балдар биздин балдарбы же жокпу. аны азыр сүрүштүрөбүз”,-деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: