Menu

Айжаркын Калиева: «Жалпы журт колдоп жатканы менен, АШАчыларга жакпаган ажо»

Бөлүшүү:

«Фейсбук» колдонуучу Айжаркын Калиева президент «Жээнбеков Сооронбай Шариповичке» аталыштагы ырды өзүнүн баракчасына жайгаштырды. Автору өзүбү же башкабы белгисиз. Ким болсо да ырды жакшы жазыптыр.

Байкушту баштан сылаган ажо,

Баатырдын жолун улаган ажо.

Эл колдоп анан бийликке келип,

Коррупция жибин чубаган ажо!

Региондорго иш ордун ачып,

Абалын элдин сураган ажо!

Арамдык жолго барбаган ажо,

Акыйкат жолун тандаган ажо.

Жемкорлор менен табакташ болбой,

Жөнөкөй элди жандаган ажо.

Жансакчыларын министр кылып,

Шойкомдуу жолго барбаган ажо!

Манастын элин сактаган ажо,

Мүдөөсүн журттун жактаган ажо.

Бакиев, менен Акаев сымал,

Кыргыздын жерин сатпаган ажо!

Жалпы журт колдоп жатканы менен,

АШАчыларга жакпаган ажо.

Жегичтин баарын желкеден алып,

Тирүүлөй отко “кактаган” ажо!

Ынтымак менен баштаган ажо,

Үмүтүн элдин актаган ажо.

Баш ооруп калса, АШАдай болуп,

Эки күн үйдө жатпаган ажо,

Ак калпак кийип башына дайым,

Кыргыздын наркын сактаган ажо!

Эл үчүн досун камаган ажо,

Калк үчүн бакыт самаган ажо,

Чекеден баарын түрмөгө тыгып,

Жемкордун түгөл “ сабаган” ажо!

Сөзүнө дайым тура алган ажо,

Бакубат жашоо кура алган ажо,

Муктажга дайым жардамын берип,

Өзгөчө көңүл бура алган ажо!

“Каруусу казык” – иштеген ажо,

“Жинди суу” такыр ичпеген ажо.

Таң атпай туруп керээлден-кечке ,

Билекти түрүп иштеген ажо!

Жараткан өзү колдосун ажо,

Ар убак ачык жол болсун ажо.

Жакшы сөз сүйлөп жүрөлү дайым,

Жамандык такыр болбосун ажо!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: