Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-июнундагы № 131 жана № 132 — Жарлыктары менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары дайындалып жана Президенттин Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Баткен облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары Зарипбек Аданбаев, Бактыяр Алибаев, Султангазы Жороев, Таштанбек Нарынбаев ант беришти. Ал эми Талас облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттун судьясы Мирлан Боромбаев салтанаттуу ант берди.
Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Баткен жана Талас облустук сотторуна дайындалып судьялык кызматка кайрадан киришип жатышкан судьяларды куттуктап ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ