Menu

Кыйноодон кыйылган өмүр 200 000 сомго бааландыбы?

Бөлүшүү:

16-октябрда Биринчи май районунун соту милиция кызматкерлери тарабынан сабалып, өлтүрүлгөн Акматов Турдубекке мамлекеттен 200 000 сом өлчөмдөгү моралдык чыгым төлөө чечимин чыгарды. Мындай чечимди Жаныбек кызы Венера кабыл алды.

Эскерте кетсек, Акматов Турдубек 2005-жылы 3-майда Өзгөн районунда жайгашкан Мырзаке айылындагы милиция кызматкерлери тарабынан чакырылып, камакка алынган. Аны 10 саат суракка алышып, 6 милиция кызматкери сабаган. Ал уурулукту моюнуна албаганы үчүн ур-токмокко алынып, кечинде саат 17:30дар чамасында бошотулган. Үйгө төшүн кармап, араң басып келип ал болгон окуяны атасына айтып берген. Турдубек ошол эле күнү кечинде көз жумган.

Турдубектин атасы факт боюнча прокуратура органдарына кайрылып, жыйынтыгында Акматовдун башында, төшүндө жана ич көңдөйүндө оор жаракаттар болгон. 21 күндөн кийин Өзгөн районунун тергөөчүсү 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча иш козгогон.

Медициналык экспертиза Турдубектин жаракаттары анын көз жумарына бир нече сааттар калганда алынганын көрсөтүп, ал суракта болгон убакытга дал келген. Мындан тышкары, ошол түнү күзөттө болгон милиция кызматкери сурак учурунда Турдубек токмокко алынганын тастыктаган.

Бул ачык далилдерге карабастан анын өлүмү боюнча тергөө иши 2011-жылга чейин созулуп, 6 жолу токтотулган.

Прокуратура окуяны бейтарап иликтебегени үчүн маркумдун атасы ООН комитетине кайрылууга мажбур болгон. 2015-жылы ООН комитетинин чечими боюнча Турдубек сабалып, өлтүрүлгөн деген чечим чыккан. Мындан тышкары ООН комитети мамлекеттен бул окуя боюнча кайрадан тергөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоого жана маркумдун үй-бүлөсүнө тиешелүү компенсацияны төлөөнү өтүнгөн.

Комитеттин чыгарган чечиминен кийин маркумдун атасы баласынын өлүмү боюнча компенсация төлөө өтүнүчүн берип, процесс Биринчи май районунун сотунда өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: