Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызмунайгаз” ишканасы Майлуу-Суу 4 кен аймагынан жаңы газ корун ачты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, учурда бул аймактан суткасына 7 миң метр куб газ чыгып жатат. Бургулоо жумуштары толук аяктаганда газдын көлөмү көбөйөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ