Түркияда өткөн Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн кримтөбөлдөрүнүн жыйынына Кыргызстандын уюшкан кылмыштуу топторунун лидерлеринен же мүчөлөрүнөн эч ким барган эмес. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Жакында эле чет өлкөлүк жалпы маалымдоо каражаттары Түркияда Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн криминалдык авторитеттеринин жыйыны болуп өткөнүн билдиришкен, ошондой эле бул жыйынга Кыргызстандан келген криминалдык чөйрөдө жүргөн субъектилер катышышкан деп жазылган.
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы бул себептен билдирүү жасайт: Кыргыз Республикасынын аймагынан Түркия мамлекетине бир дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (ИИМдин атайын каттосунда турган) чыккан эмес. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында оперативдик-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ