Menu

Кылычбек Султанов менен Эдил Байсалов кайым айтышты

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов менен коомдук ишмер Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтыш чыкты.

12-октябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов кызматынан алынгандан кийин Сооронбай Жээнбековдун командасы саясий шоу көрсөтүп жатканын айтып, чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураганын фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Бул билдирүүгө коомдук активист Эдил Байсалов: “Эки жыл мурда Кылычбек Султанов өзүнүн оппозиция тарапта экенин жарыялап, Конститутциянын жаңы долбоору менен макул эмес экенин айтып, Малайзияда өкүлчүлүк кылуудан баш тарткан. Бир жумадан кийин Атамбаевден кечирим сураган. Бир нече айдан кийин ал атайын өкүл болуп дайындалды. Бир жылдан кийин Кореяга Кыргызстандын элчиси болуп кетти. Бул убакыт ичинде ал Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун сот иши боюнча бир да жолу сөз козгогон эмес. Эми, ал кызматынан ажырагандан кийин гана Жээнбековдун бийлигин тааныбасын айтып, аны саясий шоу деп айыптап, чет өлкөдөн баш калкалоо сурап жатканын жазып чыкты. Менин биринчи эле жасай турган ишим азыр ага чалып, өлкөнү да өзүн да уят кылбоосун сурануу. Дүйнөлүк кабарларда “Кыргызстандын элчиси чет элден баш калкалоо сурады” деген кабарлар Кыргызстан үчүн жакшы реклама эмес. Негизинен эле азыр Жээнбековдун бийлигин айыптоо туура эмес. Эмне үчүн убагында Кылыч Султан өз партиясынын лидери Текебаевди абакка отургузган Атамбаевге каршы чыккан эмес? Азыр фейсбуктун кээ бир колдонуучулары жана Казахстандын саясый клоундору Султановду адилет адам катары, коррупцияга каршы күрөшкөн күрөшчү деп көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок, азыркы айтып жаткандарын эмнеге мурда айткан эмес? Эмнеге бир жыл мурда Сеулдагы кызмат ордун үн чыгарбай кабыл алды? Айтпасак деле белгилүү. Сооронбай Жээнбеков Кылыч Султанга Атамбаев көңүл бургандай өзгөчө көңүл бурбай койду. Мына биздин атка минерлердин деңгээли ушундай” – деп пикир жазган.

Кылычбек Султанов дагы четте калбастан Эдил Байсаловго жооп жазып, аны сексуалдык ориентацияң туура эмес деп кыйытып, сен эки жыл мурун мени кафеге чакырып, аялым менен ажыраштым, жалгызмын деп, мага “мамиле” курууну сунуш кылганыңда мен туруп басып кеткем деп айыптаган.

Эдил Байсалов экс-элчи Кылычбек Султановду “психиатриялык” текшерүүдөн өтүүгө кеңеш берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: