Menu

Шайлоодо кылмыш чөйрөсү чоң роль ойногону жатабы?

Бөлүшүү:

Шайлоо саясаттын туу чокусу болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир шайлоо өтүп жатканда ар кайсы технология, айла-амалдар, электоратты тартуу үчүн түрдүү ыкмалар колдонулат эмеспи.

Акча таратуу, аракка сугаруу, “каруселдер”, кочуштап бюллютенди урнага ыргытуу, алдын ала паспорпорду каттоо, акча, пакет таратуу сыяктууларга баарыбыз күбө болуп жүрөбүз. Заманбап технология, дактилоскопия, бармактын изин алууга өттүк. Заманбап бул технологияларды колдонууда кандай сюрприздер болорун азыр биле элекбиз.

Бирок, шайлоо процесстеринде бийлик такай чыр-чатактын детонатору болуп келген. Элди нааразылык акцияларына түртүп келгенине далилдүү фактылар жетиштүү эмеспи.

Бийлик ийгиликке жетиш үчүн караларды (ОПГ), спортсмендерди саясый кампанияга аралаштырып келгени жалган эмес. Мындай практика Акаевдин убагында колдонуп келген. Ал эми элге каршы спортсмендерди колдонууну эчактан бери көрүп жүрөбүз. Ошо спорт демекчи, маркум Баяман Эркинбаевдин балбандары 2005-жылы февралда Ош, Жалалабад облустук админстрацияларын алып койбоду беле?!

Ошо 2005- марттагы төңкөрүштөн кийин, бийлик спортсмендерди жана кримчөйрөсүн кеңири пайдалана баштаган. Ошондон баштап каралар жана спортсмендер шайлоо процесстерине аралашып, бийлик жана байлардын кызыкчылыгын коргоп калды.

Спортсмендер бат эле парламентке келишти. Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Санжар Кыдыралиев Жогорку Кеңешке келип, саясый аренага чыгып, бийликке коркунуч туудура баштаган үчүн Бакиевдер убагында жок кылган.

Спортсмендерди элди коркутуу үчүн колдонуу натыйжалуу экени Ош мэрин шайлоодо байкалган. Жаратман жетекчи Мелис Мырзакматовду 15 миң колдоочулары Ош майданына келгенде, Мелис Мырзакматов көрөгөчтүгүн, даанышмандыгын көргөзүп, “карапайым элдин каны төгүлүп кетпесин”- деп, чогулган элди таратып жиберген.

Спортсмендер жана каралар аркалуу саясый аренада үстөмдүк кылууну иш жүзүндө көрүп келатабыз. Ошондуктан бийликте коррупция менен байыгандар арам акчага спорт сарай кура коюшуп, спортчуларды саясий максатта колдонууда.

Мындай кадам өтө коркунучтуу…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: