Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкекте дарыланууда. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 16-ноябрдан бери Таалайбек Сарыбашев Бишкектеги ооруканада дарыланып жатат. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруу вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлгөн.
Абсаттаров белгилегендей, Сарыбашевдин оорусу коронавирус менен байланыштуу эмес.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ