Menu

Динара Аляева, “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун директору: “Чиновниктер балдар хосписинин имаратын тартып алууга аракет кылып жатышат”

Бөлүшүү:

Чиновниктер Биринчи балдар хосписинин имаратын тартып алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун директору Динара Аляева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымы боюнча, мекеменин жабылышынын демилгечилери, хосписти анын жетекчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигинен жасалма дем алдыруу аппаратына материалдарды сурагандыгы үчүн айыптоону көздөп жатышат.

“Жасалма дем алдыруу аппараты үчүн сарпталуучу материалдар үйүндө жаткан оорулуу балага керек. Хоспис карантинге жана жабык чек араларга карабастан, көз карандыларга дээрлик 200 миң сомго дары-дармектер менен камсыз кылды. Жылуу креслодо отуруп, сен эмне кылдың?” – деп депутат Евгения Строковага суроо менен кайрылат.

Белгилей кетсек, парламенттик жыйында депутат Евгения Строкова өкмөт балдар хосписине өпкөнүн жасалма желдетүү аппаратын керекпи же жокпу, текшерип чыгышы керек деген маселени көтөргөн. Ал мекеменин иши боюнча комиссия түзүүгө чакырган. Депутат ошондой эле хоспистин балдарды дарылоого лицензиясы барбы деп таң калган.

Буга чейин хоспистин директору Ольга Труханованын айтымында, мекемеде жети бала жасалма дем алдыруу аппаратына жана трахеостомия туташкан. Ал белгилегендей, дары-дармектерди сатып алууга жардам берүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган. Бирок, алар мамлекеттик бюджетте каражат каралган эмес деп, баш тартышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: