Menu

Тажик өкмөтү милдеттенмелерин аткарбаган кытай компаниясы менен келишимди бузду

Бөлүшүү:

Тажикстан Хатлон облусундагы «Азот» ишканасын модернизациялашы керек болгон Кытайдын «Хэнань Чжун» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу негизде бузду.

Бийлик компания ортодогу макулдашуунун шарттарын аткарбаганын жана ишкананы белгиленген мөөнөттө ишке киргизбегенин билдирүүдө.

Азырынча кытай тарап бул боюнча расмий билдирүү жасаган жок. Бирок буга чейин Пекин «Хэнань» компаниясынын дарегине айтылган сындарды «негизсиз» деп атап, алар боюнча «конкреттүү далилдер жок экенин» билдирген.

«Азот» ишканасынын башчысы Идимат Абдуллоевдин айтымында, макулдашуу боюнча кытай тарап өндүрүштү эки этапта ишке киргизиши керек болчу. «Өкмөт башчы ишканага эки жолу келип, эмнеге курулуш иштери кечеңдеп жатканына кызыккан. Кийин компания Кытайдан акча которо албай калганы аныкталды. Бул келишимди бузуунун себептеринн бири болду», — деди ал.

Тажик өкмөтү кезинде Борбор Азиядагы алдыңкы минералдык жер семирткичтерди өндүргөн ишканалардын бири эсептелген «Азотту» модернизациялоо үчүн 2016-жылы Кытайдын «Хэнань Чжун» компаниясы менен келишим түзгөн. Ага ылайык, жылына 120 миң тонна аммиак жана 200 миң тонна карбамид өндүрө турган ишкананын алгачкы бөлүгү бир жарым жылдан кийин пайдаланууга берилиши керек болчу. Андан кийинки үч жылдын ичинде ишкананын 300 миң тонна аммиак жана 500 миң тонна карбомид өндүрүүгө кудуреттүү бөлүгү курулуп бүтмөк. Бирок кытай тарап макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай, алгач белгиленгендей завод 2018-жылы жазында ишин баштаган эмес.

Келишимге ылайык, алты жылдын ичинде минералдык жер семирткичтерди өндүрүүдөн түшкөн таза кирешенин 70 пайызы кытайлыктарга берилип, 30 пайызы тажик тарапта калмак.

«Азот» ишканасы 11 жылдан бери иштебей турат. Мындан улам Тажикстан минералдык жер семирткичтерди башка өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алууга аргасыз. Адистердин эсебинде, өлкө жыл сайын Орусия менен Өзбекстандан 70 миллион долларга аммиак жана карбамид сатып алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: