Menu

Өкмөт Жамангуловду ээрчибей, экономиканы ойлобойбу?

Бөлүшүү:

Акылбек Жамангулов деген жаш депутат бар. Кеминдин ишенген азаматтарынын бири, парламентке “Республика” партиясынын тизмеси менен келген. Атасы мурда Акаевдин учурунда “Кыргызалко” ишканасын жетектеген, жаш баланын “ийгилигинин” сыры ошондо. Эми бул балакай өзүн активдүү пиар кылганга катуу киришип, амбициясы тоонун башындай экенин көрсөтүп жатат. Жакында катардагы депутаттай шайлоочулары менен жолугушуунун ордуна, өкмөттүн жарымын ээрчитип алып, аларга тим эле элдин көзүнчө президенттей буйрук берип, спикерден бешбетер кайра- кайра жаңылык кылып бердиткени аша чапкандык болду. Эми бул депутаттын жаштыгы дейли, эмне үчүн өкмөт башчысы Абылгазиев буга жол берип атат? Эмне мынча эркелетет, моюнга отургузат депутаттарды? Акылбектерге эмес, элге кызмат кылсаңыз урматтуу башбакан! Экономиканы эмитеден ойлобосоңуз, эки айдан кийин эңшерилип түшкөнүңүздү сезбей каласыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: