Menu

Дүйшөн Керимов: “Айтылуу магнат Аскар Салымбеков куралбаган завод-фабриканы ушул куржундай болгон иним Аманбай Кайыпов куралмак беле?”

Бөлүшүү:

— Дүйшөн байке, ааламда эмне кеп?

— Ааламды алдагы айнек экранды тиктеп, өзүң көрүп отурбайсыңбы. Мен интернет эмес, ноутбугуңду үйрөнө албай койдум. Калемиме Кудай кубат берсин. Өткөндө кабарчы кыз “байке, вотсапка киресизби?” дейт. Чочуп кетип, “мен эч жакка кирбейм, төрт-беш жылдан бери жалгыз эле жатып жүрөм” деп жибердим. Бу эми тамаша кеп дечи, а чынында интернетиңди кээ-кээде ачтырып окуп көрсөм, катын айтыш, ажаан айтыш, чөө саясат, деги койчу, ыпластыктын баары ушу жакта кыжылдап жатат…

— Интернеттен жийиркенет экенсиз. Анда эмне менен алексиз?

— Бала кезден келаткан адат боюнча көбүнчө китеп окуйм. Жанга тынч радио угам. Анан анда-санда телевизордон жаныбарлар дүйнөсү, спорт, саякат, маданият берүүлөрүн көрөм. Баягүнү мына ошол “Маданият” берүүсүн көрүп отуруп таңкалганымды жана кыжырымды келтирген да көрүнүштү айтып берсем болот.

Ат-Башынын айтылуу Босогосунда Нарын облусунун баардык райондорунун акимдери баш болгон өкүлдөрүн жыйып алып, аппак бозүйлөрдүн курчоосунда, карагай-черлүү, шар аккан дайранын кашатында – не бир керемет табият койнунда КТРК 60 жылдык юбилейин даңазалап өткөрүп атат. Чынында баардыгы мыкты уюштурулган. Анан облустун жетекчиси Аманбай иним “баланча комбинат, завод, ж.б.у.с. өндүрүш жаратуучу жайларды курабыз” таризинде бакылдап атса, биринчи уккан адам ишенээр, а мен болсо андагы алты жыл бою облусту башкарган, 2005-жылкы айтылуу февраль шайлоосунда кабат-кабат убадаларды берген, байлыгы арыктагы суудай агып турган, ошол кезде жигери башынан ашып-ташып турган, айтылуу магнат Аскар Салымбеков байкебиз жок дегенде жүз аял иштей турган жүн, эт, картөшкө өңдүү продукцияларды кайра иштете турган бир ишкана курбаган өндүрүштү ушул куржундай болгон иним жасамак беле деп дегеле ишенбей, анан деле ушундай убадалуу алпооз кадрлардын дагы эле иштеп атканына кадимкидей ыза болдум. Ал эми КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков кытайлардын жибек шайысындай оголе майын сүйлөгөн жигит экен, ошо жерде түз айтылып аткан сын пикирлердин бирөөсүн да моюндабастан, айтылуу Медеткан байке Шеримкуловдун салтында “бүгүн эрте, эртең кеч” деген тиришумдук искусстволук ыкмаларда, колго кармай албай турган эпитеттер менен сүйлөп атканын көрүп “ээ Кудай, кайран куттуу сөз үчүн башы менен жооп берген кыргыздын кийинки урпактары ушинтип калабы?” деп бир кайгырдым.

— Ай байке, күйгөнүңүзгө түшүнөм. Эми ат-башылыктарды экөөбүз сындай берип айылга баралбай калбайлы? Жакшылар кантип болбосун, ошолорду деле айтып койбойсузбу?

— Ат-Башы туура сөздөн батырбай койсо, андан да зору Ала-Тооң турат, Суке. Жакшысын кантип айтпай коёлу. Маселен, өткөндөгү ТЭЦ чыры боюнча, демек, мамлекеттүүлүгүнө байланышкан маселеде ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин парламанттеги талкуудагы сөзүн телевизордон угуп отуруп, өзүмчө эле ордуман тура калып, “Кайран Ат-Башы бар экен, баары качканда жалгыз кармашып калган Хан Кошой арбагында колдойт экен!” деп кыйкырып жибергенимди жашырбайм. Ооба, Камчыбек байкенин эл арасындагы өйдө-төмөн айтылып жүргөн образын билем, бирок, кемчиликсиз бир Кудай го, а береги эл-журттун башына түшө турган алааматты алдын ала сезип, акылмандарча баатырдык менен айткан сөзү албетте жердешчилик сезимиңди козгойт, кайраттантат, сыймыктантат.

— Эми мынча болду калган-каткан оюңузда жүргөн мыктыларды шардана кылып койбойсузбу?

— Улуу Абайдын “Жаман адам бар, жаман эл жок” деген даанышман сөзү бар. Ат-Башы өрөөнүндө кыргыздын төрт урук эли – Черик, Моңолдор, Сарбагыш, Азык уруулары, айылдары бөлөк-бөлөк болсо да тээ көчмөн доордон бери бирге өмүр кечирип келет. Чоко, Матай, Жакыпбек бабаларыбыз эл башын бириктирген, жерди сактаган, нарк калтырган. Боогачы, Казыбек өнөрпоздор ыр калтырган, өчпөс рух калтырган. Бабаларыбызга таарына турган жөнүбүз жок. Иттик, кемчилик болсо өзүбүздөн кеткен, кетип аткан деп түшүнөлү. Улуулары капа болбосун, мен кийинкилерин айтсам, азыркы районду жетектеп турган аким Жакыпбек Субакожоев, борбордогу БГУнун ректору Абдылда Мусаев, деги эле жетекчиликтен “багы ачылбаган” интеллектуалдык көрөнгөсү алда-канча бийик калемдеш иним Талант Конокбаев, дагы бир калемдеш, чөптөн жапыз жүргөн акем Ысмаил Кадыров, журналистика өнөрүнүн чебер уюштуруучусу Аскер Сакыбаева, “тору бышты” деп эркелетем, далай министрлерге кирип, маданиятка эмгек сиңирген кызматкер наамын алып бере албай койгон Ат-Башынын Байдылдасы – Жекшенбай  Курманов, береги заманбап информатика тармагынын мыкты адиси, дагы да байкалбас, нарктуу жердешибиз Абакир Темиров ж.б. мен билген, баалаган азаматтар аз эмес. Орустун улуу акыны Н.Некрасовдун “Патриотмун!” деп кыйкырган адамдын артында шек бар, жок дегенде бирдекени кымтып алган” деген мааниде ыр саптары бар. Обу жок фонд, курултайларды өткөрүп, “ураалап” Ата журтуңа пайда алып келбейсиң. Жасаган кишилер экиленбей, шакабалабай, кесирленип кекээрлебей, кыйкырбай эле жасайт. А жасабаса өзүнүн деңгээли, трагедиясы. Узун сөздүн кыскасы, “Ур барабан, тарт сурнай!” адаттан арыла турган кез ушул эмеспи…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: