Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди.
«Дин кызматкерлери өз жеринин тарыхын, ата-бабалардын мурасын билүүгө тийиш. Биздин ата-бабаларыбыз ар түрдүү согуштарды жана катаклизмдерди баштан кечирип, ааламды таануу аркылуу маданиятын жана тилин сактап калган. Өз элинин тарыхын билүү – бөтөн элдин салты менен диний ишенимдерин түшүнүүгө жардам берет», – деди ал.
Күн мурун Гиссар өрөөнүнүн 116 диний кызматкери Душанбедеги Улуттук музейге барган. Буга чейин Душанбе, Вахдат шаарлары жана Варзоб районунун имамдары үчүн экскурсия жасалган. Быйыл төрт миңдей имам-хатиб музейлерге, тарыхый жайларга барууга тийиш.
Буга чейин тажикстандык имамдар театрга барууга милдеттендирилген.
2014-жылдан тарта Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери бюджеттен айлык акы ала башташкан. Маселен, Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасы 2 миң сомони (220 доллар), имамдар 1,5 сомони (170 доллар), жума мечиттеринин имамдары 800 сомони (90 доллар) маяна алат.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ