–Табылды мырза, саясый серепчи Бакыт Бакетаев жаз алды менен парламент тарашы мүмкүндүгүн кыйытууда. Анын бийлик менен ымалалаш экенин эске ал ганда, жыландын башын кылтыйтканы жөн эмес го? Бул жаатта сиздин оюңуз кандай? Чын эле парламент жаз алды менен тарашы мүмкүнбү?
-Мен Бакыт мырзанын кайсы негизде мындай божомолдорду берип жатканын билбейм. Бирок, саясый процесстердин өнүгүшү азырынча парламентти таратууга бийлик да, экс-президенттин айланасы да кызыкдар эместигин көрсөтүп жатат. Парламентти таратыш үчүн премьер-министр күчтүү болушу керек. Азырынча премьер-министр жана Атамбаевдин коомдогу саясый позициясы аныктала элек. Атамбаев азыр убакытты күтүп жатат. Премьердин абалы оңолуп, ал ишти алып кетүүгө жарап калгандан кийин гана ачык парламентти таратуу маселеси күн тартибине коюлушу мүмкүн. Бирок, мындай сөздөрдүн маал-маалы менен таратылып жатышы саясатчыларды активдешпестен, парламенттик шайлоолорду күтө турууга чакыруу катары кабылдаса болот. Б.а. саясый абал ит жыгылыш абалда. Ошого убакыттан утуш үчүн «парламент тарайт» деп алдап, абалдын кескин өзгөрүп кетпөөсүн камсыз кылып туруш керек болуп жатат. Мисалы, парламент жана президент премьерди отставкага кетирип жибербесин же саясый күчтөр премьерди кетирүү үчүн митингдерди баштап жибербеси үчүн болуп жатышы мүмкүн. Эгер премьер күчтөп алса, анда парламентти таратууну карап көрүшсө керек. Азыр премьер күчтөнө албай жатат. Парламент тараса, КСДП экиге бөлүнүп кетсе, анда Атамбаев башында турган КСДПга шайлоолордо өтө кыйын болуп калат. Тескерисинче, Асылбек Жээнбеков башында турган жаңы партия күчтөп чыгышы мүмкүн. Ошого азырынча парламент тарабайт. Эгер өкмөт башчы отставкага кетип калса, Атамбаевдин коомдогу таасири өтө төмөндөйт. Себеби, анын мурдагы тегереги толук бойдон жээнбековдорду колдоп кетиши ыктымал. Алды өтүп жатышат. Тараза ташы Жээнбеков тарапта дегендей. Ал эми барган сайын Атамбаев кеткен президент катары каралып жатат.
–Экс-президент Атамбаевдин КСДПнын лидерлигине шайлануусу алгач январь айынын башына, андан соң аягына белгиленсе, эми кайрадан февралдын аягына жылдырылып жаткандыгында эмне сыр бар? КСДПнын сьездинин улам артка жылышы коомчулуктун аң-сезимин, реакциясын байкоо амалы эмеспи?..
-Жогоруда айтканымдай, убакытты утуш үчүн азыр Атамбаевдин айланасы баардыгына макул болуп жатышат. Себеби, экс-президенттин калтырган кадрлары азрынча ал күткөндөй жигердүү ишти көрсөтө алышкан жок. Премьердин коомдогу позициясы күчтөнгүчө булар съездди жылдырып, партиянын экиге же үчкө бөлүнтпөй кармап турууну көздөөдө. Кыязы, булар өкмөт башчынын позициясы жакшыргандан кийин эски чоң саясатчылар премьердин тегерегине биригип, партия ыдырабай каларын ойлошот. Бирок, жаш саясатчылар менен улуу муундагы саясатчылар дайыма эле тил табыша беришпейт. Ошого бөлүнүү толук мүмкүн. Менимче экс-президенттин саясатка кайтып келиши ото опурталдуу. Бул бекер иш болуп калат. Кыргызстанга да, элге да кереги жок. Себеби, анын кайра саясатка келиши коомду экиге бөлүп жибериши мүмкүн. Бир тарабында президент Жээнбеков болсо, экинчи тарабында экс-президент Атамбаев болуп, коом чакчелекей абалга кептелип калышы ыктымал. Бул түндүк-түштүк маселесинин курчушуна да алып келиши мүмкүн. Менимче, Жээнбеков тажрыйбалуу саясатчы, буга жол бербейт.
-Бабанов бүгүн саясаттан кетип, депутаттык мандатынан, ага удаа парламенттеги ири командасынан баш тартты. Анын эбегейсиз күчтүү командасын бийликтеги кайсы күчтөр өздөрүнө буруп кетиши мүмкүн? Руслан Казакбаев менен Сапар Исаковдун жакын мамилесин эске алсак, Бабановдун командасын Руслан Казакбаев Сапар Исаковго буруп бербейби?
-Азыр команда түзүү оңой эле. Акчаң болсо каалагандай команда түзө бересиң. Саясый өңүткө ылайык саясатчылар да аракеттене беришет. Эгер Бабанов саясаттан биротоло кетсе, анда анын партиясы толугу менен жок болуп кетиши ыктымал. Себеби, негизги капчыктан айрылышат. Анын партиясы башка партияларга өтүп кетиши мүмкүн. Сапар Исаков ж.б. турган КСДПда негизги позицияларда аларга орун жоктой. Тескерисинче, жаңы түзүлүп жаткан бийликтин партиясына өтүп кетишери саясый жактан туура болот го. Ошого Атамбаевдин кадрлары «КСДПны ыдыратпайлы» деп жатышат да, «жаңы түзүлгөн партия күчтүү болуп калбасын» деп.
Канжар Борпошов
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ