КМШ өлкөлөрүнүн беш президенти басма сөздүн душмандары тизмесине киргизилген. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун сайтында жазылган. Жалпысынан учурда ал тизмеде 35 адам бар.
Тизмеде бул рейтингден 2000-жылдан бери чыкпай келген Орусия президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бар. Андан сырткары ага Азербайжан президенти Ильхам Алиев (тизмеде 2003-жылдан бери), Беларустуку Александр Лукашенко (1994-жылдан бери), Казакстандыкы Нурсултан Назарбаев (1990-жылдан бери) жана Түркмөнстандыкы Гурбангулы Бердымухамедов (2006-жылдан бери) киргизилген.
Тизмеге сөз эркиндиги жаатында көйгөйлөрү бар же журналисттерге басым жасалган өлкөлөрдүн башчылары киргизилет.
«Чек арасыз кабарчылар» — басма сөз менен журналисттердин эркиндигин коргоо жана цензурага каршы күрөшүү менен алектенген эл аралык бейөкмөт уюм.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ