Menu

Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүлүшү финансылык сектору үчүн каттоо тартибин жөнөкөйлөштүрүлдү

Бөлүшүү:

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүлүшү финансылык сектору үчүн Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун аткарууга милдеттенмелерди каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеңилдетилди, – бул туралуу юстиция министрлиги маалымдады.

Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун аткарууга милдеттенмелерди каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлүү максатында Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы №117 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине), мыйзамы кабыл алынган жана ал 2017-жылдын  27-январынан күчүнө кирген

Аталган мыйзам төмөнкүлөрдү карайт:

–  кыймылдуу мүлктүн күрөө жөнүндөгү келишиминин милдеттенмесин 300 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммага камсыз кылуучу милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоону жокко чыгарууну жана кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун каттоону милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча электрондук формада ыктыярдуу каттону;

–  кыймылдуу мүлккө карата  талап укуктарын милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткарууну канааттандыруу боюнча өзүнүн күрөө талаптарына ээ болбогон башка кредиторлордун алдында Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун мурун каттаган күрөө кармоочу артыкчылык укуктарына ээ;

–  кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин онлайн режиминде жана коюлган талап укуктарынын Интернет тармагы аркылуу  маалыматтар менен камсыз кылынат;

–  күрөөлүк билдирүүнү каттоону күрөө кармоочулар (финансы сектору), ошондой эле жазуу жүзүндөгү кайрылуунун негизинде БККК жүргүзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: