Menu

Дайынсыз жоголгон мергенчинин сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Алай районунун Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң улоого кетип, дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөөсү менен байланышкан). Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 4-февраль күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер тартылып, саат 19:00гө чейин жүргүзүлдү. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

2018-жылдын 5-февралы күнү саат 08:37де КР ӨКМнин Алай районундагы №68 өрткө каршы куткаруу борборунан (ӨККБ) 8 куткаруучужергиликтүү тургундардан 45 адам жана РИИБнен 22 кызматкер менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен. Саат 11:00дө Будалык айыл аймагынан издөө иштерине кошумча 25 адам тартылган. Ошондой эле, саат 13:10до КР нын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) ыкчам топ Көчмө башкаруу пунктунун (ППУ) унаасы менен жерине чыгып кетишкен.  

Издөө иштерин натыйжасында5-февраль күнү саат 15:16 чамасында Ат жайлоосундаД.Матишовдун жансыз денеси табылган. Азыркы мезгилде маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: