Menu

Талант Мамытов Кыргызстандан накталай акча каражаттарды чыгаруу боюнча расмий маалыматтарды айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу каралууда. Баяндаманы депутат Талант Мамытов жасап жатат. 

КР Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандан накталай акча каражаттарды чыгаруу 2017-жылы орто эсеп менен 70 миллион 823 миң доллар, 2018-жылы 159 миллион 141 миң доллар жана 2019-жылы 88 миллион 301 миң доллар болгон. Анын айтымы боюнча, накталай акчанын Кыргызстанга кишири 2017-жылы 6 миллион 199 миң долларды, 2018-жылы 11 миллион 753 миң долларды, 2019-жылы 21 миллион 974 миң 360 долларды түзгөн.” – деп билдирди Талант Мамытов. 

Ошол эле учурда, Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, 2018-жылы импорт болжол менен 5 млрд долларды, ал эми экспорт 2 млрд доллардын тегерегин түзгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын расмий маалыматы боюнча, бир эле Кытайдан Кыргызстанга жыл сайын орто эсеп менен 2 миллиард доллар импорттолот, ал эми башка өлкөлөрдү кошкондо, анда жалпысынан 5-7 миллиард долларлык товар импорттолот. Демек, импорттолгон товарлардын баасына ылайык акча келген товарлардын өндүрүүчүлөрүнө кайра чыгарылат деп белгиленген” – деп кошумчалады Талант Мамытов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: