Menu

Эркинбек Өкүмалиев, “Нурлуу жол” форумунун уюштуруучу комитетинин төрагасы: “Дүйнө жүзүндөгү бир дагы падыша Нурсултан Абишевичтей зор урматка татыган эмес”

Бөлүшүү:

–Эркинбек мырза, “Нурлуу жол” аттуу коомдук фонд түзүп, анын аркасынан үлкөн ачылыштарды жасаганы жатыпсыз. Негизи бул фондду түзүүгө эмне түрткү болду?

–Негизинен бул ой жети-сегиз жыл мурда, мен мектеп окуучуларынын «Жаштар KG» жана «Жеткинчек» аттуу гезиттеринде менеджер болуп иштеп жүргөндө келген. Гезиттер өлкөбүздүн дээрлик баардык мектептерине 15 миң жана 25 миң нуска менен тарачу. “Ар бир мектептен ким канча гезитке жазылды?” деп тизмесин түзчүмүн. Ошол кезде ПРООНдун демилгеси менен мектептерде окуучулардын президенттери, премьер-министрлери, министрлери жана спикерлери шайланып, кадимкидей иштешчү. Тизме түзүп жатканда, гезиттерибизге гранттык жардам берип жүргөн америкалык АРД жана ЧЕККИ программасынын директору Брайан Кемпл мырза келип калды. Тизмени карап, айтып жатпайбы, “мектеп президентеринин баары эле Нурсултандар го” деп. Ага кыргыз-казак эли бир тууган эл экенин, биринин жакшылыгына бири сүйүнөрүн айткан элем.

–“Нурлуу жол” фондунун идеясы кыргыз менен казак элинин ортосундагы ынтымакты, тыгыз карым-катышты чыңдоого өбөлгө түзөрү байкалат. Бирок, мындай долбоордун жүгүн өзүңүз жалгыз көтөрүү кыйындык кылат го. Бул жердеги козголгон маселе — мамлекеттик деңгээлде өтө турган иш-чара турбайбы. Кандай дейсиз?

–Ооба, албетте. «Нурлуу жол» форумунун уюштуруучу комитети» коомдук фонду кыргыз жаштарынын мындай дүйнөдө кездешпеген, кайталангыс феномалдуу көрүнүшкө арналган өзгөчө форумун даңазалуу жана татыктуу уюштуруу максатында урматтуу президентибиз Алмазбек Атамбаев мырзага кат жөнөткөнбүз. Кыргыз жаштарынын бул форуму кыргыз-казак элине эле эмес, дүйнө коомчулугуна да күтүлбөгөн жагымдуу окуя болот эле. Ошондой эле, демөөрчүлүк багытында кыргыз жана казак ишкерлерине да кайрылмакчыбыз.

«Уюштуруучу комитет» бүгүнкү күндө форумду өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштөөнүн үстүндө. Нурсултан аттуу уландардын ар бири жөнүндө толук маалыматты чогултуп, алардын ичинен өзгөчө таланттууларын өздүк-көркөм чыгармачылык топторго даярдоо үчүн тажрыйбалуу режиссерлор, сценаристтер, балетмейстерлер, манасчылар, комузчулар, сүрөтчү-жасалгалоочулар, мода-дизайнерлери, кесипкөй фотографтар жана башка адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

–“Көчмөндөр оюнунун” программасына кошууга аракетиңиз болгонун байкаган жайым бар. Ал жагы ишке ашпай атабы?

–2016-жылы сентябрда өткөрүлүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинин маданий бөлүмүнө «Нурлуу жол» форумун киргизип, кийин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди ІІ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, «Рух-Ордо» маданий комплексине келсе, сый көрсөтүү жагын өтүнгөнбүз. Президенттин администрациясынын эл аралык бөлүмү биздин демилгени карап жатышканын кабарлашкан. Бирок, кандай өңүттө чечилээри белгисиз. Анда Нурсултан аттуу балдар өз өнөрлөрүн тартуулайт. Бул топ, балким, Казакстандын 25 жылдык маарекесине катышып, Астанада да өнөрлөрүн тартууласа болот.

Кыргыз жаштарынын бул форуму кыргыз-казак элинин достугунун чыңдалышына салым кошоруна ишенебиз.

–Сиздин ушундай демилгеге Казакстандын бийлиги, же элчилиги реакция кылдыбы? Негизи алар колдоого ала турган иш го?

–«Уюштуруучу комитет» мындай өзгөчө форумду кыргыз жаштары менен казак жаштары жана маданий ишмерлери биригип, чогуу уюштуруу максатында Казакстан республикасынын өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дарига Нурсултановнага кайрылган элек. Дарига Назарбаеванын тапшырмасы менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи секретары жана элчинин кеңешчиси бизге байланышка чыкканы ырас.

–Президент Нурсултан Назарбаев бир курдай кыргыздарга боор тартып, биртууган эл экенин айтканы бар. Бизде Нурсултан деген атты эгемендүүлүк алган жылдардан бери балдарына ыроолоп, ат коюп келишет. Ушу тапта кыргыздардан чыккан Нурсултандар абдан көбөйдү. Мунун өзү кыргыз элинин казак президентине жогорку деңгээлдеги сый-урматы го?..

–Өткөн 90-жылдардан бери карай кыргыз ата-энелер ак пейилден ырым кылып, уулдарына Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин ысмын ыроолоп келе жатышат. Учурда Кыргызстанда Нурсултан аттуу уландардын, балдардын жана бөбөктөрдүн такталган саны 12 минден ашты, бирок дагы далайы тактала элек. Биздин божомолубузда Нурсултандар 20 миңден ашат го. Бул кыргыз элинин Нурсултан Абишевичти абдан урматтап, өз уулундай ардактагандын даана белгиси! Мындай мекенин сүйгөн, үлгүлүү жол башчыны ырым тутушуп, ага кыргыздардын чындап берилүүсү байкалат. Бекеринен «Кыргыз-казак бир тууган» деп айтылбайт окшобойбу… Баса, дүйнө жүзүндө далай атактуу адамдар, кол башчылар, падышалар өтүшкөн. Бирок, бир дагы инсан Нурсултан Абишевичтей зор урматка татыган эмес. Бул эң уникалдуу, кайталангыс көрүнүш. Ушул жагына биздин көзүбүз жетип, баалап атабыз да…

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: