Menu

Фото – Мэр Азиз Суракматовдун эл алдына кийип чыккан кымбат баалуу кийимдери сынга кабылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-июнда Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарда жаңы курулуп жаткан “Ден соолук” паркынын курулушун кыдырып чыкты. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратып, ал кыдыруудан тартылган бир нече сүрөттү мэриянын социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары дароо эле мэр Азиз Суракматовдун бүгүнкү кыйын учурда жөнөкөй кийинбей, дүйнөлүк брэнддердин кымбат баалуу кийимдерин кийип чыкканына көңүл бурушуп, талкууга алышты.

“Биздин мэр жөнөкөй киши эмес, үстүндөгү жайкы кийимдери эле: Gucci кепкасы, көз айнеги жана бут кийими $2000ден кем эмес”, – деп жазды Твиттерде Nosovik деген ат менен белгилүү болгон блогер.  Анан Азиз Суракматовдун башындагы Gucci кепкасын каталогдон таап баасы $485 экенин сүрөтү менен жарыялады.

Мэр Азиз Суракматовдун баасы $485 турган Gucci кепкасы.

Ал эми журналист Марат Тагаев “Суракматовдун жеңил кийими эле: Шапке GUCCI $330,  Туфли LOUIS VUITTON – 710$, Очки LOUIS VUITTON – 550$ “, – экенин тактап чыкты.

Мэр Азиз Суракматовдун баасы $750 турган бут кийими.

Андан ары бул посттор кызуу талкууга түштү.

“Биздин өлкөдө ар бир 5-адам жакыр жашайт, ал эми калктын 75%ы жакырлар менен орто класстын ортосундагы катмардан болот (карантинден кийин мунун саны дагы өстү). Ушундай учурда бийликтин өкүлдөрү өзүнүн байлыгына чиренип, кымбат баалуу кийимдери менен көйрөңдөнбөш керек. Бул этикага жатпайт, моралдык бузукулук”, – деп жазды кийинки колдонуучу.

“Аткаминерлер элдин алдына мындай кымбат баалуу кийимдер менен чыкпаш керек. Ушундай кадамдардан кийин шайлоочулар жыйынтык чыгарышы зарыл”

“Анын байлыгы үчүн сынга алып жатышкан жок. Эгер сен чиновник болсоң элдин алдында таптаза болушуң керек. Байлыгыңды бүт декларацияда көрсөтүп, салыгын төлөп кой, анан өз билгениңди кыл”

Мындай терс пикирлерге мэр Суракматовдун айрым тарапкерлери жооп берип, аны актоого аракет кылышты.

“Мэр Азиз Суракматов мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп ушинтип байып кетсе сындасаңар болмок. Тескерисинче өмүр бою бизнесте жүрүп, байыгандан кийин, анан мамлекеттик кызматка келди. Ал бай киши, мындай кымбат кийимдерди алууга акысы бар”, – деген таризде каршы пикирлерди жазып жатышты.

Бирок…

Азиз Суракматов 2000-2002-жылдары эле мэриянын башкы адиси, бөлүм башчысы болуп иштептир. Анан 2002-2008-жылдары “Бишкекбашкыархитектуранын” башкы архитекторунун орун басары болуп иштеп жүрүптүр. Ошол мезгилдерде Бишкектин эң кымбат жерлери сатылып кеткен. Кызматынан пайдаланып, эң ыңгайлуу пайдалуу жерлерди алып алып, анан “Елизавета” курулуш компаниясын ачып байыган турбайбы. Анан эле 2010-жылдан баштап депутат, анан кийин мэр болуп чыга келди. Өмүр бою эле мамлекеттик кызматта жүрүптүр, анан кайсы убакытта Бишкектеги эң ири “Елизавета” курулуш компаниясынын ээси, ири бизнесмен болуп чыга келди?” – деп оппоненттери каяша айтышып, талаш уланууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: