Чүй облусунун эки тургуну мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, Ысык-Ата райондук ИИББсине 59 жаштагы Д.Э. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 2019-жылдын декабрь айынын ортосунда 70 000 сом турган бодо малын уурдап кеткенин айтып, уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, КРнын жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) алкагында тергөө иштери башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун милициясы аталган фактка шектелген эки жаранды кармашкан. Алар: 24 жаштагы Б.И. жана 27 жаштагы О.З. аттуу жарандар болгон.
Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда жогоруда кармалган жарандардын Чүй облусунун жана Ысык-Ата районунун аймагындагы башка дагы кылмыштарга тийешеси барбы жокпу текшерилүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ