Menu

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-январда Баткендеги Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чыр-чатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн катуу сын айтылды.

Ошондой эле Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен анын орун басарына Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевге түшүндүрүү ишин алып барбаганы үчүн эскертүү берилди. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев 15-январда Бишкекте Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыккан элге кошулуп нааразылык акциясында жүргөнү айтылды.

Координациялык кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары кармалган төрт киши мыйзам чегинде жооп берерин айтты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы акыркы окуяларда жергиликтүү бийлик өз милдетин аткарбаганын белгиледи.

Өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботбаев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери тууралуу маалымат берип жаткан учурда кеңешмеден журналистер чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: