Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Өмүрбек Суваналиев принциптерин карманып, башкаларчылап Атамбаевге кошомат кылбай, он жылдай кызматсыз олтурду”

Бөлүшүү:

-Бегалы Молдогозуевич, жаңы жылдан кийин саясатчылар ойгонуп, саясий оюнга киргенге аракет кылып жатса, сиз жеңемди алып Жапон мамлекетине эс алууга кеттиңиз. Жакынкы аралыкта саясий оюндарга аралашпайм деген чечимге токтолдуңузбу?

Жыл сайын эле ушул убакытта саякатка чыгып жүрбөймбү, мунун саясатка эч кандай тиешеси жок.

-Биздин саясатчылар өздөрүнүн саякатка чыкканын жашырып, көп ачыктай бербейт.  Сиз качан болсо кайда жүргөнүңүздү элге айтып турасыз…

Ким мамлекетттик казынанын эсебинен саякаттап жүрсө албетте жашырат да же адал эмгек менен табылбаган, арам акчалардын эсебинен  чет өлкөлөрдө эс алып жүрсө аны ачыктаганга духу жетеби? Мен чет өлкөлөрдөн кайтып келатканда күнгө күйүп, эс алуудан кайтып келаткан мамлекеттик чиновниктерди транзиттик аэропорттордон көрүп калам. Мени көргөндө дайыма өздөрүн ыңгайсыз сезип, “байке, бизди көргөн жоксуз да” деп суранып калышат. Алардан айрымаланып, мен өз адал эмгегим менен тапкан акчага саякаттайм, ошондуктан эч нерседен коркпойм жана жашырбайм. Бардыгы ачык, биздин коомдо саякаттоонун ушундай маданияты калыптанышы керек. Кечээ жаш саясатчы Адил Турдукулов айтып жатпайбы “Япониядагы кыргыз элчилигинде 3 жыл иштедим, бирок  өз алдынча, өз чөнтөгүнүн эсебинен Японияга саякаттап барган бир кыргыз саясатчысын көрбөдүм, баары бюджеттин же гранттардын эсебинен Японияга барышчу. Өз эсебинен Японияга саякаттап барып келген сизди гана көрдүм” деп. Ушул себептерден улам мен саякатка кеткенимди ачык жарыялап, сүрөттөрүмдү социалдык тармактарга ачык жүктөп, эч нерседен коркпойм. Ар ким өз деңгээлине, өзүнүн ички дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлер саякатка барганын да салык декларациясына киргизип, ага каражат кайдан алынганы көрсөтө тургандай кылыш керек.

-Сиздин жакын досуңуз, санаалашыңыз генерал Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп бекиди. Генерал азыркы бийлик менен тыгыз иштешпей келатканын баарыбыз эле билчүбүз. Тил табышуу саясий өңүт менен чечилди дегенге кошуласызбы?

Менин билгеним боюнча эч кандай саясый өңүттөгү чечим жок. Бийлик Суваналиевдин кесипкөйлүгүн, коопсуздук  багытындагы мол тажрыйбасын, калыстыгын, бетке айтмай мүнөзүн эске алып чакырды. Ал 2010-жылы чет өлкөлүк атайын кызматтардын жардамы менен куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликке келген “самодурлардын” кекчилдигинен 10 жыл кызматы жок олтурду. Бирок кызмат-мансап үчүн өзүнүн карманган принциптеринен тайып, Атамбаевге кошомат кылып, кызмат сурап барган жок. “Самодурлар” чет өлкөлүк атайын кызматтардын жардамы менен бийликке келгенге чейин ал Акаев менен Бакиев бийлиги учурунда да УКМКнын  абактарында саясый себептер менен олтуруп чыгып, өзүнүн кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу менен “Комиссар Каттани” атка конгон. Жаңы бийлик мамлекетте кадрлар таңсыктыгы күч алып турганда мындай кадрды кантип көздөн четте калтырсын…

Суваналиев экс-президент Атамбаевге тиш кайраган саясатчылардын бири. Генерал ал кишини буга чейин деле “разрушитель” деп айтып, бийликти узурпациялап алганына каршы болуп келген. Мурунку президентке каршы турчу адам катары Суваналиевди бүгүнкү бийлик өзүнө тартып алды деген көз карашка эмне дейсиз?

-7 жыл өлкөнү талап-тоногон Атамбаевге тиш кайрабаган киши калдыбы деги? Азыр аны орто кылымдардын деңгээлиндеги трайбализм-регионализмдин уусуна ууккан, сакайтууга болбой өтүшүп кеткен ооруга чалдыккан бир ууч трайбалисттер гана колдоп калды. Алгач аны колдоп жүргөндөрдүн дээрлик 90%ы жаңылгандарын түшүнүштү. Суваналиев башынан эле Атамбаев “созидатель” эмес, ал “разрушитель” деп аны менен кызматташуудан, анын бийлигине кызмат кылуудан баш тартып келди. Турмуш Атамбаевдин “разрушитель” экенин далилдеди. Ошол эле учурда, 2010-жылга чейин “Атамбаев алкаш, аны менен иштешүүгө мүмкүн эмес” деп жүргөн Темир Сариев кызмат үчүн анын алдына кирип кетти. “Президенттик бийликти жоготуп, парламенттик өлкө түзөбүз” деп элге канчалаган убада берип жүргөн Текебаев менен Отунбаева колдоруна бийлик тийгенде кайра эле күчтүү президенттик бийликти калтырган жаңы конституция жазышып, кайра эле күчтүү президенттик бийликти орнотушту. Текебаев Атамбаевдин суранычы боюнча 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген конституциялык нормаларга каршы конституциялык мыйзамдарды жазып, өзү жазган конституцияны сатып кетти. Атамбаевдин президенттик бийлигин чыңдоого төрт аяктап чуркады.  2013-жылы биз Суваналаиев менен бирге КСДП менен Атамбаевдин бийликти узурпациялоосуна “Каршылык көрсөтүү кыймылын” түзүп, коомчулукту узурпацияга каршы чыгууга чакырганыбызда Текебаев менен Отунбаевалар “Эч кандай узурпация жок!” деп чыгышкан.  Арадан эки жыл өтпөй өздөрү “Атамбаев бийликти узурпациялап алды!” деп боздоп чыгышты. “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” деген болушту. Ошондуктан эч качан элге берген убададан тайбаш керек, принциптерди сатпаш керек. Эгер сен принциптериңди сатсаң, сени принциптериң сатат.  Булардын фонунда  10 жыл кызматы жок олтурса да принциптеринен тайбаган Өмүрбек Суваналиев өзүн мамлекетчил саясатчы катары көрсөтө алды. Ошондуктан бийлик аны Атамбаевге каршы эмес, мамлекетчил, приниципиалдуу, кесипкөй, тажрыйбалуу саясатчы катары мамлекетке кызмат кылсын деп өзүнө тартты деп ойлойм.

-Суваналиев кайда болсо, Наргозуев дагы ошол жакта болот деп айтышат экен. Досуңуз бийлик тарапка барган соң, сиз дагы ошол тарапка барасызбы? Сүйлөшүүлөр болуп атабы?

– Ооба, анткени биз соратниктербиз, бир пикирлеш досторбуз, саясый көз караштарыбыз окшош. Бийлик, кызмат үчүн бир элди экиге бөлүп, чет элдик атайын кызматтарга курал болуп, алардын жардамы менен куралдуу мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан жокпуз. Ал “самодурлар” менен табакташ болбодук. Аларчылап элди алдап бийликке келип алып, 10 жылдай болсо да элге берген убадаларын аткарбай, “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей азыр да бийликке жулунуп жаткан жокпуз. Эч кандай сүйлөшүү жок, бирок мен өлкөнү 10 жылдай чак-челекейин чыгарган “самодурларды” өз ордуларына койгон, Атамбаевдин коррупционер досторун камаган, жазалаган бул бийликти азыркы этапта колдойм.

-Наргозуев азыркы бийлик менен иштешип жатканына бир жылдан ашты деген сөздөр айтылып калып жатпайбы?  

Өзүңөрдүн эле жогорку суроолоруңарга карама-каршы келген суроо берип жатасыңар. Азыр эле “Суваналиев буга чейин азыркы бийлик менен тыгыз иштешпей келген эле” деп айттыңар. Анан “Суваналиев кайда болсо Наргозуев ошол жакта” дедиңер. Силердин логика боюнча Суваналиев буга чейин бийлик менен иштешпесе демек Наргозуев да бийлик менен иштешпеген да. Анан эле Наргозуев бир жылдан бери иштешип келатат дейсиңер. Демек Суваналиев да азыркы бийлик менен бир жылдан бери иштешип келатабы? Кайсынысына жооп берейин. Ушундай, логикасы бири-бирине карамандай каршы сөздөр мен тууралу карама-каршы имиштер жүрүп турарын далилдейт. Мен бул бийликти азыркы этапта колдоп келатам, анткени буга чейин Текебаев, Отунбаева баш болуп бүтүндөй кыргыз оппозициясы 10 жылдан бери  ордуна коё албаган, мыйзамга баш ийбеген ээн ооз Атамбаевди Жээнбековдун бийлиги жарым эле жылда ордуна коюп койду. Кыргыз мамлекетинин казынасын миллиондоп уурдап жаткан Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүн камакка алып, сотун ишке ашырып, алды узак мөөнөттөргө кесилип жатат. Азыр ошол коррупционерлердин колдоочулары гана бул бийликке асылып жатат. Кана кайсы саясатчы ушуну жасай алды эле буга чейин, баары Атамбаевден коркуп алдына жатып беришпеди беле? Өзүн азыр кыйын сезип бийликте, парламентте олтурган депутаттар, фракция лидерлери Атамбаевден калтырап турушчу эмес беле. Алтургай Атамбаев каматкан депутаттар бир кезде Атамбаевдин авторитардык бийлигин чыңдоого жардам берип, кошомат кылып  чуркап жүрүшпөдү беле. Атамбаев бийлигин чыңдап алгандан кийин алардын баарынын “көчүгүнө суу куйду”, ырас эле кылды. Анткени “самодур” бийликти колдогон кошоматчылар өз жазасын алышы керек болчу.  Бекболот Талгарбеков таамай айткандай “Атамбаев кыргызга 1000 жылда бир келе турган кырсык” болчу. Кечээ дагы бир гезиттен окуп калдым “Жээнбеков кыргызды 1000 жылда бир келчү балээден куткарды” деп, туура айтыптыр. Ага чейин бир гезит “Жээнбеков өзүнүн досунун кызыкчылыгынан кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору койду”  деп жазган эле.  Ушулардын фонунда мен азыркы этапта бул бийликти мага кызмат бербесе да колдойм, эгер азыркы алган багытынан тайып кетсе анда мен бул бийликти кызмат берсе да колдобойм. Бет тырмар трайбалисттер  Атамбаев 7 жыл өлкөнү тоносо да унчукпай олтуруп, эми Жээнбековго 7 айдан кийин эле асыла башташты. Ошондуктан ууру бийликти жазалай баштаган жаңы бийликти азыр жабыла колдошубуз керек. Буга чейин бир да бийлик эки премьер-министрди, эки Бишкек мэрин коррупция үчүн кошоктоп камап, соттогон эмес.  Менин оюмча Түштүк Кореядагыдай экс-президенттерди да кылмышы үчүн камай турган заман келе жатат. Көзүбүздү ачып, эски феодалдык-париархалдык идеологияларга алданбайлы. Кооз сүйлөгөндөргө алданбайлы. Азыркы бийликтен жакшы кимдин талапкердигин атай аласыңар?  Эл 2010-жылдагы “революционерлердин” баары мародер, ууру, коррупционер  экендигине фактылар аркылуу ишенди, дагы бизге эмне керек?

Маектешкен Наралы Асанбаев.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: