Menu

Кылдан кыйкам издөө «Форумдагыларга» майдай жагат

Бөлүшүү:

Барган сайын Атамбаев менен бийликтин тиреши күчөп бараткандай. Бул жагы маалыматтык согуштун чыңалуусунан байкалууда. Эгер Акүйдө алдыны көрө билген кеңешчилер болгондо, экс-президентке карата атаканы токтотуп, ага көңүл бурбай коюуну айтмак. Бул утуштун жолу. А канчалык Атамбаевге карата маалыматтык чабуул күчөсө, саясый кырдаал татаалдаша берет. Мындай күрөш ал үчүн пайдалуу. Бийликтин эң башкы максаты – өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздйо болушу керек. Акүйдүн политтехнологдору Атамбаевди жок адам катары эле санашып, ага тийишпей коюшса, аарынын уюгу тынч жатмак да. Ансыз да бийликтин алдында көйгөйлөр арбын. Экономикалык, социалдык абалыбыз оор шартта, кадр саясаты бир калыпка түшө элек, өкмөт өчөйгөн боюнча бир ордунда турат ж.б. Мындай шартга элдин ишенимин актоо, алдыга умтулуу гана керек. Ал эми кылдан кыйкым издөө «Форумдагылар» үчүн майдай жага турганы, тирешүүнүн аягы чыр-чатактар менен кооптуу көрүнүштү жаратып коюшу ажеп эмес.

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: