Menu

Чыныбай жооп береби же кодексчилерби?

Бөлүшүү:

Ызы чуусу бүтпөгөн жаңы Кодекстердин темасы азыр деле жабыла элек. Сыягы бүтпөйт деле. Өздөрүнүн кемчилигин оңдоп коюуга белсинбеген ар тарап, анын айтылып, аткарууга киришип калгандан соң баары кеч дегендей мамиле кылууда. Миллиондогон евролорду коротуп, бирок коом туура кабыл албаган кодекстерди жазган топ, ЖКнын Жапаров баштаган депутаттары берген “акчанын кайда жумшалганын айткыла” деген суроосун деле жоопсуз калтырды. Азыр арабөк калган ал мыйзамдарга кимди күнөөлөрүн билбеген коомчулук, ЖКнын 1-мартка чейин кайра карап чыгуу боюнча берген тапшырмасынан улам тынч алып тургандай.

Бул кодекстер ЖКнын кароосуна келип түшүп, кынтыксыз колдоо тапканын эске ала турган болсок, өлкөдөгү мыйзамдарга өзгөчө маани бере турган депутаттардын деле жоопкерчилигин кароо маанилүүдөй туюлат. Депутаттардын айрымдары ал кетирген кемчиликтерин моюндап, уятынан тарап кетүүнү сунуштаса, кай бири кодексчилерди бетине кармап, жалааны алар жака жылдырууда. Экс-төрага Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде: “Мен жыйындарда бул чоң маселеге кайдыгер карагандар жооп бериши керек экенин айткам. Керек болсо мыйзамдын бетин ачып карабагандар жооп бериши керек. Мен бул чоң маселеге кайдыгер карагандарга чара көрүлүш керек деген сунуш кылып, токтом киргиздим. Эми ошол биздин токтомдун аткарылышын тиешелүү комитет көзөмөлдөйт. 1-мартта биз мунун баарын сурайбыз» – деген. Кодекечилер жазып келип, ЖКнын жыйынына кароого бергенде Чыныбай мырза кай жакты карап олтурду экен, таңбыз?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: