Кечээ, 8-февралда Бишкекте КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жолугушту. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда министр жана элчи Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун өнүгүшү, келишимдик-укуктук базаны чыңдоо маселелери каралды.
Андан башка да тараптар АКШнын Ооганстанда өткөрүп жаткан иш чаралары, дегеле дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги маселер боюнча пикир алышышты.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ