“Өзүн оппозициялык фракция атаган “Ата-Мекен” фракциясынын 3 гана депутаты эл жапатырмак каршы болуп жаткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбооруна каршы добуш беришти. А силер болсо “Ата-Мекенге” добуш бергени жатасыздарбы?” – деп суроо салды КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү, белгилүү активист Адил Турдукулов өзүнүн Тwitter социалдык тармагындагы баракчасында.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 25-июнда КР Жогорку Кеңеши интернетке цензура киргизүү боюнча “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбооруна добуш берип, 79 депутат “макул”, 10 депутат “каршы” добуш берүү менен кабыл алган. Анын ичинде “Ата-Мекендин” 3 гана депутаты каршы добуш берген. Демек калганы бийликтин цензурасына каршы эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ