Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Азыркы партиялык шайлоо системасын баары сындап жатышпайбы, аны мен эмес, 2007-жылы Бакиев киргизген”

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Республика” басылмасынын журналисти Эрик Исраиловго берген интервьюсунан бир шиңгил:

– Эмне үчүн 2010-жылы революциялык партиялардын баары шайлоодо утулуп калышты?

– 2010-жылы революциядан кийин ар түрдүү сунуштар болгон, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү мыйзам боюнча 45 күндүн ичинде парламенттик шайлоону өткөрүүнү сунушташкан. Аларды укканыбызда биз май айынын аягында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрмөкпүз да, революциялык партиялардын баары парламенттен өз ордуларын тапмак. Ошондо мен жана башкалар башканы сунуштап, колдодук: мындай бир принцип бар, конституцияны, бийлик үчүн эрежелерди ошол учурда бийликте турбаган адамдар, органдар жазышы керек. Өзүнүн жеке же бийликтеги бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазгандар болбош керек. Калыс, бийликтен алыс турган, кызыкдар эмес орган жазышы зарыл. Ошондой максатта конституциялык кеңешме түзүлдү, бирок кеңеш берүүчү гана ыйгарым укуктары менен. Убактылуу өкмөт бийликте эмес эле, ал конституциялык реформадан кийин өзүн-өзү таркатыш керек болчу. Бул конституция парламенттик жана президенттик шайлоолордон кийин гана иштеш керек болчу. Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү конституция мүмкүн болушунча легитимдүү болсун деген өздөрүнүн ак тилеги менен, конституция бийликтегилердин колу менен жасалбаш керек деген ниети менен, анткени эл баары бир алар өздөрүнө ылайыктап жазып алды деп шекшинет, колдоп беришти… Бүгүн көптөр азыр иштеп жаткан шайлоо системасын сындап жатышат. Мен эсиңиздерге салып койгум келет: шайлоонун партиялык формасы 2007-жылы Бакиев тарабынан сунушталган жана бул система референдумда бекитилген. Бул бүгүнкү шайлоо тартиби. 2010-жылы биз ал системаны алмаштыра албадык, анткени шайлоолорду ошол кезде иштеп жаткан мыйзамдар менен өткөрүшүбүз керек болчу. Түп-тамырынан өзгөртүүгө болбойт болчу, себеби үлгүрбөй жатканбыз.Тобокелчиликтер арбын болчу. Утулуп калган атаандаштар мыйзамды өздөрүнө ылайыктап өзгөртүп алды деп айыпташмак. Ошондуктан алар утулуп калышты. 2010-жылдагы шайлоо Бакиевдин эрежелери боюнча өттү. 2013-жылы мен мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштадым, бирок өтпөй калды…

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: