Menu

Өзбекстанда президенттин резиденциясын сойкукана катары иштеткен аткаминерлер соттолууда

Бөлүшүү:

Ташкент шаардык сотунда президенттин администрациясына караган “Түркистон” резиденциясынын (мурунку “Шелковичная”) жетекчилигинин үстүнөн териштирүү башталды.

Мартта улуттук коопсуздук кызматы атайын операция жүргүзүп, резиденциянын ичинен 16 “түгөйдү” кармаган. Алардын арасында прокуратуранын, коопсуздук кызматынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бар эле. Кармалгандар резиденциянын аймагындагы үйлөрдү сойкулар менен жолугушуу үчүн пайдаланышкан.

Анда күч түзүмдөрүнүн 32 кызматкери резиденциядан 300 метр аралыкта жайгашкан ички иштер министрлигине жеткирилген. Бирок президент администрациясынын башчысы Зелимхан Хайдаров кийлигишкенден кийин бул адамдарга айып салынып, үйгө коё берилген. Ал эми резиденциянын жетекчилигинде турган беш адамга карата кылмыш иштери ачылган.

Ички булактар билдиргендей, операцияда Зелимхан Хайдаровдун өзүн кармоо көздөлүп жаткан. Ал көптөн бери коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Инаятов менен келишпейт.

70 жашар Зелимхан Хайдаров союз маалында Ислам Каримов менен бирге Өзбек ССРинин Компартиясында иштеген. Ал президент аппаратынын иш башкармалыгын 1993-жылы жетектеп баштап, 23 жылдын ичинде Өзбекстандагы эң таасирдүү адамдардын бири болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: