Menu

Айпери Суранчиева, алып баруучу: “Жолдошум сенин ордуң теледе деп колдоп турат”

Бөлүшүү:

Балдарга эне, жубайынын жаркыраган сүйүктүү жары, коомдо өзүнүн орду бар, колунан көөрү төгүлгөн уз, назик айымдарды көргөндө суктанбай кое албайсың. Мына ушундай сапаттардын бардыгы бар, төгөрөгү төп келишкен алып баруучу Айпери Суранчиева менен дил маек курдук.

“Ар бир журналисттин көксөөсү КТРКда иштөө болсо керек”

Ар бир жумуштун түйшүгү менен жыргалы болгон сыңары чыгармачылык чөйрөнүн да оор-жеңилин көрүп келе жатабыз. 10 жылдын ичинде 3 телеканалдын 2 радионун ашканасынын казанында кайнаптырмын. Алып баруучулуктагы эмгек жолумду НБТ телеканалындагы “Лидер кж” программасында баштаган элем. 2 жылдан ашуун эмгектенген соң жумуш ордумду алмаштырууга туура келди. Андан соң “Манас жаңырыгы” телерадиокорпорациясында эмгек жолумду улап радио алып баруучу, теле алып баруучу болуп 4 жылдай эмгектендим. “Генерал болууну эңсебеген солдат солдат эмес” дегендей, ар бир журналисттин көксөөсү биздин башкы телеканалдарыбыздын бири КТРКда иштөө болсо керек. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жашымдан эңсеген тилегим орундалып, 2014-жылдан тарта Коомдук биринчи каналда эмгек жолумду улантып келүүдөмүн.

“2016-жылы жылдызым жанып баштаганда турмушка чыгып кетип, чыгармачылыгым аксай түштү”

Негизи аял затына абдан кыйын эле экен. Үй тиричилиги менен жумушту айкалыштыруу да өзүнчө бир искусство. “Аял киши дүйнөнүн түркүгү” деген кеп чын беле, айтор ушунчалык түйшүгү көп калк экенбиз. Чыгармачылыкка болгон ынтызарлыгым артып, 2016-жылы жылдызым жанып баштаганда турмушка чыгып кетип, чыгармачылыгым аксай түштү. 3 жылга жакын тыныгуу алууга туура келди. Ошол учурда жумушумду катуу сагындым, бирок уул-кыздарымды көрүп баарын унутуп, шүгүр дечүмүн. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жолдошум жумушумду сагынып жүргөнүмдү сезип, билип жүрдү. “Жумушуңа чыгып иштеп баштабайсыңбы, сенин ордуң теледе” – деп жакшы сөздөрүн айтып, колдоорун билдирди. Асмандан издеген сөздөрдү жолдошум айтканда сүйүнүп апама айтсам, апам: “Кызыңды мен карап берем, иштей бер” – деп уруксатын берди. Учурда улуу балам бала бакчага барса, кичүүсү бирге жакындап калды. Күндүзү таенеси карайт, кечкисин алып кетип турабыз. Эң негизгиси колдоо болсо болду деп ойлойм.

“Биздин үй-бүлөдө атасы экөөбүз балдардын кезүнчө урушпаганга аракет кылабыз”

“Эне үйдүн куту” демекчи, эненин эң негизги милдеттеринин бири үйдүн шам чырагын өчүрбөө. Жолдошубуз, балдарыбыз ар дайым үйгө шашып келүүсүнө шарт түзүү. Менин жеке пикиримде балага туура жолду айтып, тарбия берүүдөн мурда өзүң туура жолдо жүрсөң бала ошол жолго, тарбияга ыңгайлашат экен. Биздин үй-бүлөдө атасы экөөбүз балдардын көзүнчө урушпаганга, бири-бирибизге сылык мамиле кылганга аракет жасайбыз.

“Социалдык тармактардагы баракчаларым менин жеке архивдик белүмүм”

Социалдык тармактар менин жашоомдун жарым бөлүгүн ээлеп калды десем калп айткан болбойм. Биздин жумуш интернет сегменти менен тыгыз байланышта болгондуктан, чыгармачылыгымдагы, жеке жашоомдогу акыркы жаңылыктарды жеке баракчам аркылуу күйөрмандарым, жазылуучуларым менен бөлүшүп турам. Социалдык тармактардагы баракчаларым менин жеке архивдик бөлүмүм десем да болот.

 Нуркыз Рыскул кызы
Булак: «Фабула»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: