Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын коопсуздук боюнча төрага орун басары Абдусалом Шодмонов кызматтан алынды. Ал компания жумушчуларын көзөмөлдөө, ошондой эле кызматкерлерди жумушка алуу жана кетирүү иштери менен алектенип келген.
Маалыматка караганда, Абдусалом Шодмоновдун иштен алынышы менен ал ээлеп турган кызмат дагы жоюлду.
Улуттук телерадиокомпанияда 21 жыл иштеген ташкенттик журналист Малохат Эшанкулованын айтымында, Шодмоновдун жетекчилиги менен телеканалда «оппозиция өкүлдөрүн, дин ишмерлерин жана жемкорлукка айыпталган аткаминерлерди» каралоого багытталган атайын берүүлөр даярдалып келген.
Февралдын соңунда өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгында дагы атайын кызматтын «кураторлору» жумуштан алынып, алар ээлеп турган кызматтар жоюла баштаганы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ