Кыргыз шоруң көп экен… Генерал Суваналиевдин мурдагы тарыхына токтолсок, сөз өтө көбөйүп кетет. Андыктан, 2010-жылдан кийинки кадамдарына учкай токтололу.
Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Өмүрбек Суваналиев «Каршылык көрсөтүү» кыймылын түзүп, бийлик менен айыгышкан күрөш салган. Атамбаевге оппонент катары 2011-жылы президенттик шайлоого аттанып, админресурстун ыпластыгынан утулганы факт. Ошол кездерде генерал «Атамбаев мен үчүн авторитет эмес. Ал шизик, оорулуу. Бийликте мыйзамсыз отурат» деген курч пикирлери менен оозго алынган. Иш жүзүндө Атамбаев бийликте отуруп, каршылашкан душмандарынын баарын камап, өч алган. Бир гана Суваналиевдин кылын кыйшайта алган эмес. Эмне үчүн? Себеби, биздин каарманыбыз таза, жалаң гана айлыкка жашап, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Азыр да карапайым элдер жашаган квартирада турат. Ошон үчүн бийлик миң жолу текшерип, эч нерсе таппай койгон. Мына ушундай генералыбызды ИИМ жетекчилигине алып келгенде, Атамбаевди тайраңдатып ары-бери учурбай эле бетме-бет сүйлөшүп коймок. Ток этери, мыктынын баркына жете албадык, кыргыз, шоруң көп экен… .
Арстан Алгырбеков
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ